Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Адамзат жаныбарларды биротоло тукум курут кылабы?

Дүйнө
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
385
Бүткүл дүйнөлүк жапайы табият фондусунун(WWF) докладындагы маалыматтарга караганда, акыркы 40 жылда Жер шарында канаттуулар, балыктар, амфибиялар менен рептилиялар сыяктуу жан-жаныбарлардын түрлөрү менен саны 60%га кыскарган.
Фондунун божомолу боюнча бул көрсөткүч 2020-жылы 67%га чейин жетет. Жаныбарлардын тукум курут болуп жатышына адамзаттын ишмердиги себепкер. “Биз Жер тарыхындагы антропоцен дооруна кирип жатабыз”, - дейт фондунун генералдык директору Марко Ламбертини. Айтымында, бул термин планетанын экосистемасы адамзатка көз каранды болуп калгандыгын түшүндүрөт. Докладдагы маалыматтарга ылайык, эң эле көп жоготууларга таза сууларда жашаган жаныбарлар учурап жатат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.