Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Адамга кол салган робот

Дүйнө
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
343
Роботтун адамга кол салуусу дүйнө жүзү боюнча биринчи ирет Кытайда болуп жатат. Окуя Шеньчжень шаарындагы China Hi-Tech Fair (CHTF) технологиялык көргөзмөсүндө болгонун youth.cn парталы билдирет. Машинанын чабуулунан жапа чеккен киши ооруканага жеткирилген. Көргөзмөдө ызы-чуу салган "Кичинекей бочке" аттуу робот 4 жаштан 12 жашка чейинки балдарды окутуу үчүн жасалган. Анын бийиктиги чоң кишинин белинен келип, конструкциясы "Жылдыздуу аскерлер" тасмасындагы R2-D2 аттуу каарманга окшош.Кандайдыр бир убакта иштеп турган түзүлүш (робот) кароосуз калгандыктан, белгисиз себептерден иштен чыгат. Анын натыйжасында робот айнекти сындырып, көргөзмөгө келип, жанынан өтүп бараткан адамга урунуп, аны басып калган. Бутунан жаракат алган киши ооруканага жаткырылат. Бузулуунун себеби такталууда.Буга чейин Tesla Motors жана SpaceX компанияларынын башчысы Илон Маск, эгер адамдар роботтор менен биргелешип жашоого көңүп, өз ордуларын таап жашап кете албаса, адамзатты катастрофа күтүп турат деп айткан. “Келечекте адамдардын жумуш орундарын роботтор ээлеп калат, - деп ишенет Маск. – Алда канча алдыга кеткен жасалма интеллект менен айкалышып жашоого туура келет”. Ишкер жасалма интеллект дээрлик бардык адистерди алмаштырып калат деп эсептейт.  
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.