Курс НБ на 18.01.2019 $69,8493 €79,5968

Аарылар эсепти билишет

Дүйнө
09 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
21
Аарылар бир нерсени эсептөө үчүн аз гана сандагы нейронду колдонушарын англиялык окумуштуулар  аныкташты. Аары - дүйнөдөгү эң мыкты эсептеген жан-жаныбар деп санала тургандыгы буга чейин белгилүү болгон. Буга чейинки изилдөөлөр аары кадыресе шартта төрт же беш затты эсептей аларын көрсөткөн. Аарылар бир нерсени эсептеп жатканда, алардын мээси кандай иштегенин билүү үчүн компьютерде төрт гана нейрону бар жөнөкөй мээнин модели жасалганын “Азаттык” айтып чыкты. Жаңы изилдөө көрсөткөндөй, аарылар сандар жөнүндө эч нерсе билбеши мүмкүн. Бирок алар предметти байкап көрүү үчүн учуп баратканда атайын бир кыймылдарды жасашат.
Эсептөө аарылардан минималдык акыл жөндөмүн талап кылат. Береги мисал аары жана башка жандыктардын акыл жөндөмү аз гана сандагы нерв клеткаларынын жардамы менен иштеши мүмкүн экенин айгинелейт. Ал үчүн мээдеги нейрондор туура туташкан болушу шарт экени айтылат изилдөөдө. Изилдөөнүн авторлорунун бири, доктор Вера Васастын айтымында, эсептөө “жогорку интеллекти жана чоң мээни талап кылат” деп саналчу. Ал эми жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы эгер мээ клеткаларынын түзүмү  туура байланышса, аз гана сандагы нейрондун жардамы менен эсептөө мүмкүн экенин көрсөтөт.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу