Курс НБ на 01.06.2020 $73,4927 €81,8635

4500 этникалык казак Кытай жарандыгынан баш тартты

Дүйнө
18 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
106
2019-жылдын тогуз айында Кытайда жашаган 4500 этникалык казак бул өлкөнүн жарандыгынан баш тарткандыгын Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Азаттык радиосуна билдирди.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 8 айында чет өлкөлөрдөн келген 10 790 этникалык казак Казакстандын жарандыгы алышса, өткөн жылы 18 миң оралманга казак жарандыгы берилген.
Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги сентябрь айында казак жарандыгы алгандардын тең жарымын Өзбекстандан келгендер, 36 пайызын - Кытайдан, 6,2 пайызын – Монголиядан, 5,4 пайызын – Түркмөнстандан келгендер түзгөн. Эгемендүүлүк жылдар ичинде Казакстанга бир миллиондон ашык этникалык казактар кайтып келишкен.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.