Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

36 жумуртка жеген балбан

Дүйнө
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
365
Пакистандык  25 жаштагы Арбаб  Хизер Хайат азыркынын алп балбандарынан болгусу келет. Бою 190 см. Салмагы 430 кг болгону менен өзүн эркин алып жүрөт. Эч кандай ыңгайсыздыкты сезбейт. Спорт менен машыгып жүрөт. Азырынча ийгилик жарата элек болсо да оордуктарды көтөрүп же сүйрөп таанымал болуп келүүдө. Келечекте дүйнөдөгү эң күчтүү адам (балбан) болууга ниеттенет. Ал эртең мененки тамактанууда 36 жумуртка жейт. Бир күндүк азыгына 3 кг эт жана 5 литр сүт керектелет. Балбан бардар үй-бүлөдө туулгандыктан тамак-аш жагынан кыйналбайт. Болгону жол жүрүүгө чыкканда ылайыктуу транспорт таппай келген. Жакында өзүнө ылайыктуу жолтандабас унаалуу болду.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.