Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

2016-жылы Ооганстанда теракт курмандыктарынын саны рекорддук чекке жетти

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
343
“2016-жылы Ооганстанда терактылардын кесепетинен бейкут жашаган калк арасында курман болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетти” деп билдирди Бирикен Улуттар Уюму.
БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын докладына ылайык, өткөн жылы куралдуу кагылыштардын жана терактылардын айынан 3498 адам курман болуп, 7920 киши жаракат алышкан.
Алардын 3512си балдар – 923ү өлтүрүлүп, 2589у жарадар болушкан. Докладда белгиленгендей 2016-жылы бул өлкөдө терактылардын курмандыктарынын саны 24%га өскөн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.