Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

184 жыл мурда Эйфель мунарасынын инженери туулган

Дүйнө
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
366
Мындан 184 жыл мурда атактуу Эйфель мунарасын курган  франциялык инженер Александр Гюстав Эйфель төрөлгөн. Ал алгач Политехникалык институтта билим алып, 26 жашында Бордо шаарындагы темир көпүрөнүн долбоорун иштеп чыккан.  Франциянын сыймыгы болгон  Эйфель мунарасын куруу 1887-жылы 28-январда башталып, 1889-жылы 31-мартта бүткөн. Ага темир-тезектердин бардыгы  Эйфелдин өзүнүн ишканасында жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Аны курулушчулар эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштешкен. Мунара  1889-жылы 31-мартта салтанат менен ачылган. Гюстав Эйфель  мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон жана бул курулушка анын ысымы берилген. Мунаранын бийиктиги 324 метрди түзөт. Инженер-куруучу 1923-жылы 28-декабрда 91 жашында каза болгон.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.