Курс НБ на 21.10.2020 $81,2050 €95,6676

​15-октябрь тарых барактарында

Дүйнө
15 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
32
Бүгүн элеттик аялдардын эл аралык күнү. БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2008-жылдын 12-февралында кабыл алынган резолюцияга ылайык жыл сайын 15-октябрда белгиленип келет.
Беларусь – фармацевтика жана микробиология кызматкерлеринин күнү.
Бразилия – Мугалимдердин күнү.
Шри-Ланкада бүгүн бак тигүү күнү белгиленет.
Кыргызстанда:
Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев (15.10.1921-16.07.2016) туулган. 1992-1993-жылдары Кыргызстанда Премьер-министр болуп турган Турсунбек Чыңгышев 78 жашка толду. Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков туулган күн (15.10.1960-06.07.2020).
2017-жылы 15-октябрда Кыргызстанда Президенттик шайлоо өтүп, Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,76 пайыз добушуна ээ болуп жеңип чыккан. 24-ноябрда расмий түрдө кызматына киришкен.
(АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу