Курс НБ на 03.03.2021 $84,8113 €101,7905

​ Түрктөрдүн эли да, жери да суктандырды

Дүйнө
11 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
161
Дүйнө 2019-жылдын акыркы айларынан бери карантин шартында жашоого өттү. Бул пандемия XXI кылымда дүйнөнү түрө кыдырып, баарына өз үстөмдүгүн көрсөтө алган дарт катары тарыхта кала турган болду. Анткени ал ири державаларды да буттан чалып, экономикалык жактан бир топ кыйроолорго алып келди. Бирок, айрым өлкөлөр бул дарт менен күрөшүүдө, анын алдын алууда бир топ озуп чыгып, пандемия шартында да экономикалык өсүштөрдү камсыздай алса болот экендигин көрсөтө алышты. Алардын бири Түркия. Бул өлкө да алгач 3 ай карантин шартында жашады. Бирок, каржы казынасына туризм тармагынан түшкөн каражат менен жашаган Түркия карантин шартынан чыгууга аракет жасап, өлкөнүн Маданият жана туризм министрлиги тиешелүү ведомстволор, Түркия туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте “Коопсуз туризм сертификат программасы” долбоорун кабыл алды. Буга чейин экономикалык өсүштү сактап калуу максатында май айында эле ички туризмди жандантууга өткөн. Андан кийин гана программаны кабыл алышкан. Эскерте кетчү нерсе, бул долбоор дүйнөдө биринчилерден болуп кабыл алынган. Анда турист аэропортко келип коноору менен анын ден соолугуна болгон кам көрүү, жашоо шартындагы гигиеналык эрежелердин сакталышы боюнча бардык маселелер кылдат каралган. Беткаптар туристтер үчүн бардык жайда бекер таркатылып, коопсуздук чаралары сакталган.
Мына ушул программа менен таанышуу максатында өткөн аптада кыргызстандык журналисттердин тобу Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин маданият жана маалымат тармагы боюнча кеңешчиси Нури Шимшеклер мырзанын, Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин алдындагы атайын департаментинин чакыруусу менен Түркияга сапар тарттык.
Аэропорт
 Алгач отурган учагыбыз менен Стамбулга сапар алдык. Учакка отураарыбыз менен мен жогоруда айтып өткөн программа учактын кире беришинен эле башталганын байкадым. Анткени беткап, гигиеналык каражаттар бекер берилип жатты. Ага кошумча Түркия өз авиакаттамдарында жүргүнчүлөр үчүн тамак берүү системасын да долбоорго ылайык өзгөртүптүр. Мурда тамактар ачык берилсе, учурда алар гигиеналык баштыкчаларга салынып, ар бир адамга өзүнчө даярдалганын байкадык.
Ошентип, биз алгач Стамбулга кадам таштадык. Аэропортто да туристтердин коопсуздугу үчүн чаралар көрүлүп, кимдин кайсы жерде тураарына чейин көрсөтмө куралдар менен көрсөтүлүптүр. Биз, албетте, бул программанын алкагында, мыйзам сыйлап жүрө бердик. Беткаптарды такыр чечпедик. Анткени кимдир бирөө байкап калса, дароо эскертүү берип жатты.
 Стамбулдун аэропортунан дароо Бодрумга кеттик. Бодрум бул өлкөнүн туризм тармагында көзгө басаар алдыңкы шаарларынын бирине кирээрин айтып өтөлү. Анда экзотика да, тарыхый жерлер да бар. Жердин өзгөчө климаты, тамак-ашы адамды таң калтырбай коё албайт.
Жүрөктөн орун алган Бодрум
Түркиянын түштүк-батыш тарабында жайгашкан уникалдуу шаар - Бодрум мага дароо эле жакты. Бодрумга бут басаарым менен бетимден жумшак жел сылап, мурдума деңиздин жыты урду. Суунун жыты келип жатат. Биздин Ысык-Көлдөй экен, – дедим алгач эле. Ал эми шаарды аралап кирээрибиз менен тегерек-чекедеги имараттарга, жергиликтүү жашоочулардын жашоо образына суктандым. Айлана-тегерек ак түскө боёлгон, бири-бирин улаган төрт бурчтук түрүндөгү үйлөрдү айырмалап болбойт. Болгону бири кырда, бири ылдыйда. Жапыз тоолуу Мугла аймагындагы бул шаардын рельефи тегиз эмес экен. Өйдө-ылдый чыгып эле жаттык. Ал эми баягы төрт бурчтук тамдарды биринен-бирин айырмалаганга болбоду. Баары окшош. Журналисттерди коштоп жүргөн гид Хусейин мырзадан эмне үчүн бул аймактагы тамдар мындай өзгөчө экендигин сурадым. Ал жергиликтүү элге башкача стилдеги тамдарды салганга болбосун айтты. Анткени тээ антикалык доордо бул аймакта жашаган гректердин салт-санаасын сактоону жергиликтүү эл бузбайт тура. Жергиликтүү жашоочуларга өзгөчөлөнгөн үйлөрдү курууга да болбойт. Ар бир терезеде чөйчөкчөлөргө гүлдөр өстүрүлүп, эшик алдында гүл челектерге отургузулган көп сандагы гүлдөрдү көрүп жаттык. Коштоп жүрүүчүнүн айтымында бул да жергиликтүү элдин салты.
Шаар аябай тынч экен. Анын жээгин Эгей деңизи жууп турат. Деңиз суусу болсо жылуу, суудан чыксаң да эч үшүбөйсүң. Анткени олив дарактары өскөн тоолор, аралчалар муздак шамалдан коргоп турат.
Тамактын түрү мында олив майынан жасалат. Жергиликтүү элдин киреше булагы олив плантацияларынан табылат. Ресторан, кафелерде олив майы менен нан берилет. Ал жанга жагымдуу тамак катары бааланат. Эл плантацияларды көздүн карегиндей сактап, тээ гректерден калган олив өсүмдүктөрүнүн түрүн өстүрүшөт. Андан сырткары эл туризм тармагын жакшы өздөштүрүшкөн. Көчөлөрү кууш, гүлгө оронгон Грецияны элестет.
 Бодрумда антикалык доордо карий эли жашагандыгы белгилүү. Андан кийин гректер, башкача айтканда Родостон келген жоокер-рыцарлар ээлеп турушкан.
Тарыхый жерлери
Тарыхый аты Ыйык Пётр чеби. Орто кылымдарда рыцарлар тарабынан курулган жападан жалгыз чеп. Анын ордунда антикалык доордо Карий элинин башкаруучусу Мавсоланын мавзолейи болгон. Ал жер титирөөлөрдүн айынан урап, кийинчерээк бул аймакты басып алган рыцарлар кезек-кезеги менен келишип, чепти кура башташкан. Бирок, 1522-жылы чепти Осмон империясынын султаны Сулейман багындырып алган. Мына ошондон кийин бул чеп жана Бодрум Түркиянын карамагына өткөн.
1962-жылы бул чептин жер төлөсүндө Түркиянын археологдору ушул аймакта деңиз алдында табылган кемелердин музейин ачышкан. Кызыктуусу, андан 2000 жыл мурун суу алдына чөгүп кеткен кемелерди көрүүгө болот. Археологдор бул табылгаларды суу түбүнөн он бир жыл бою алып чыгышкан. Алардын бири Египеттен айнек алып келе жаткан жеринен сууга чөккөн экен. Так ошол кеме азыр айнектери менен кошо музейге коюлган.
Бул тарыхый жерлерден сырткары Бодрумда Миндос дарбазасынын урандылары бар. Бул дарбаза гректер тарабынан курулуп, байыркы кылымдарда дал ушул шаарга кирген эң негизги жолдун башында турган. Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн аймагында амфитеатрлардын бар экендигин билебиз. Бирок, Бодрумда антитеатр сакталып калган. Биздин эрага чейин 4-кылымда курулган. Галикарнас мавзолейи да бул шаарда жайгашкан. Ал карий элинин падышасы Мавзоланын урматына тургузулуп, дүйнөдөгү жети кереметтин бири деп аталып келген. Бирок, мавзолей азыр түп орду менен жок. Ал жер титирөөлөрдөн улам урап калган. Анткени менен Мавзоланын аты биздин жашоодо мавзолей деген сөз аркылуу колдонулуп келет.
Бизди коштоп жүргөн Хусейин бей негедир акыркы убактарда туризм деңизге түшүү, эс алуу менен гана чектелип калганын белгиледи. Ал туристтер жогорудагыдай тарыхый жерлерге келбей калганына капа.
Сабырдуулук жана эмгекчилдик
Түркияда бир жума жүрдүк. Беш шаарын кыдырдык. Бирок, бул убакыт аралыгында төрт же беш жолу гана унаалардын сигнал бергенин уктум. Бул өтө сабырдуулук, мыйзамды сактагандык жана бийик маданиятты билдирет го деп айткым келип турат. Анан да түрк эли өтө эмгекчил келет экен. Менин байкашымча бул эл кумурскадай эле иштеп жүргөндөй болду. Себеби, тоо болобу, жер болобу бир да бош жер жок экен. Баарында айыл чарба иштери жүрүп турат. Ал эми мурда жакыр жашаган айылдары азыр бай айылдарга айланыптыр. Кийинкиде жакыр жашаган айылдардын кандайча бай аймакка айлангандыгы тууралуу сөз кылабыз.
(Уландысы бар)
Жазгүл Кенжетаева
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.