Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

​ Артем Тарасов СССРден чыккан биринчи миллионер

Дүйнө
22 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
54
Советтик жана россиялык ишкер, саясатчы Артем Тарасов дүйнө салган күн (04.07.1950-22.07.2017). Тарасов Россияда парламент депутаты, президенттикке талапкер катары белгилүү болгон. СССРде жана чет өлкөлөргө биринчи миллионер катары таанылуусуна анын 1989-жылы «Техника» деген кооперативди түзүүсү себеп болгон. Мына ушул кооперативдин тапкан кирешесинен Тарасовго 3 млн рубль маяна таандык болгон. Кооперативдеги Тарасовдун орун басары да 3 млн рубль айлык алган. Ал  КПССтин мүчөсү болгондуктан эмгек акысынын 3 пайызын мүчөлүк акы катары 90 миң рубль төлөгөн. Бул көрүнүш советтик коомдо чоң талкуу жаратып «Взгляд» телекөрсөтүүсүндө сөз болгон. Тарасов СССРде биринчи легалдуу миллионер катары таанылган. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.