Паспорт берүүнүн мөөнөтү кыскарат
Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мөөнөтүн кыскартат.
Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус менен ооруп калды
Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Надин Доррисден COVID-2019 коронавирусу аныкталгандыгын The Guardian басылмасы маалымдады.
Афганистандын бийликтери 1,5 миң талибанчыны абактан бошотот
Афганистандын бийлиги тынчтык келишиминин алкагында 1,5 миң талибанчыны абактан бошотот.
12-мартта Грецияда Олимпиадалык от тутандырылат
Бирок, коронавируска байланыштуу бул азем көрүүчүлөрсүз өтөт, болгону Эл аралык олимпиадалык комитет жана Токиодогу Оюндардын уюштуруу комитети тарабынан аккредиттелген 100 гана адам катышат деп билдирди Newsweek.
Коронавирус жуктургандардын саны 117 миңден ашты
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 117 миңден ашты, 4292 киши каза тапты,
11-март –Тажикстанда басма сөз күнү
Бүгүн Тажикстанда журналисттердин кесиптик майрамы.
Вирусту жуктуруп алууга ыктыярчылар изделүүдө
Британиялык окумуштуулар вакцина иштеп чыгуу үчүн акча алып коронавирус жуктурууга даяр ыктыярчыларды издөөдө.
Хакерлер коронавирусту чабуул үчүн колдонуп жатышат
Кибер кылмышкерлер COVID-19 коронавирус темасын хакерлик чабуулдар үчүн колдоно баштады.
АКШнын коргоо министри Марк Эспер коронавирустун айынан Өзбекстанга келбейт
Пентагондун башчысы Марк Эспер Индияга, Өзбекстанга жана Пакистанга пландаган иш сапарын токтотту деп билдирди министрликтин өкүлү Алиса Фара.
Түркияда коронавирус жуккан биринчи учур катталды
Daily Sabah басылмасына шилтеме жасаган РИА “Новостинин” маалыматына караганда, Түркияда коронавирус жуккан биринчи учур катталды.
Өзбекстан Эл аралык юридикалык форумду өткөрүүнүн мөөнөтүн артка жылдырды
Өзбекстан 2020-жылдын 23-25-апрелине белгиленген Эл аралык юридикалык форумду өткөрүүнүн мөөнөтүн коронавируска байланыштуу артка жылдырды деп билдирди кошуна өлкөнүн Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.
Коронавирус Казакстанга келеби же келбейби?
Коронавирус 11-16-мартта Казакстанга келиши мүмкүн деп билдирди кошуна өлкөнүн башкы санитардык врачы Жандарбек Бекшин. Айтымында коронавирус аныкталаар менен өкмөт атайын чараларды жүргүзөт.
Путин жаны мөөнөткө шайланууга каршы эмес
“Единая Россия” партиясынан депутат Валентина Терешкова Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн нөлдөштүрүү жөнүндө Конституцияга өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун киргизүүнү сунуштады.
Трамп 9-майда Москвага келбейт
9-майда Москвада өтүүчү Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка АКШнын президенти Дональд Трамп келбейт деп билдирди Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Өзбекстан Кытайга газ экспорттоону кыскартышы мүмкүн
Кытайлык Petrochina компаниясы коронавирустан улам өзбек газын импорттоо кыскартылышы мүмкүн экендигин Өзбекстандын Энергетика министрлигине эскерткендигин “Интерфакс” агенттиги маалымдады.
Чилидеги “кылымдын тоноосу”
Чилинин борбору Сантьягонун аэропортунда брондолгон автомашинага куралдуу кол салган адамдардын тобу 14 миллион долларды жана 1 миллион еврону уурдап кетишти.
Өзбекстан өз зыяратчыларын Сауд Арабиясынан алып чыкты
Uzbekistan Airways авиакомпаниясы өзүнүн Жиддага чартердик каттамы менен Сауд Аравиясына зыяратка барган 244 өзбек жаранын алып чыкты деп билдирди Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык агенттиги.
Монголияда коронавирус жуккан биринчи учур катталды
Монголиянын Дорноговь аймагында Badrach Energy монгол-япон-француз компаниясында иштеген француз жаранынан коронавирус аныкталды.
Владимир Гостюхин жана “Узак жолдогу айдоочулар”
Россиялык “Узак жолдогу айдоочулар” (Дальнобойщики) ж.б. кинолордогу ролу менен таанымал киноактёр Владимир Гостюхин бүгүн 74 жашка чыкты (10.03.1946).
“Адам жана мыйзам”: Телеэфирдеги 50 жыл
Советтик жана россиялык “Адам жана мыйзам” телекөрсөтүүсү 1970-жылы 10-мартта алгачкы ирет телеэфирге чыккан.
Гебрейесустун божомолу
COVID-19 коронавирусунун жайылуусу уланууда, ошондуктан эпидемия эми пандемияга айланып кетиши ыктамал деп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адхан Гебрейесус билдиргендигин Интерфакс агенттиги маалымдады.
АКШ Афганистандагы аскерлерин кыскарта баштады
Америка Кошмо Штаттары “Талибан” радикалдык кыймылы менен макулдашуулардын алкагында Афганистандагы өз аскерлеринин санын кыскарта баштады деп билдирди Пентагон.
Ашраф Ганинин инаугурациясы учурунда эки жарылуу болду
Кечээ, 9-мартта Кабулда Афганистандын кайра шайланган президенти Ашраф Ганинин ант берүү аземи учурунда президенттик сарайдан алыс эмес жерде эки жарылуу болду деп билдирди AFP агенттиги.
АКШ Европага B-2 Spirit стратегиялык стелс-бомбалагычтарын жайгаштырды
АКШ Чыгыш Атлантикадагы Португалияга таандык Азор аралдарындагы Лажеш авиабазасына B-2 Spirit стратегиялык стелс-бомбалагычтарын жайгаштырды деп маалымдады Интерфакс.ру агенттиги.
Түркия НАТОдон жардам сурап жатат
Президент Режеп Тайип Эрдоган Сириянын Идлиб провинциясында кырдаал курчуп бараткандыгына байланыштуу кошумча жардам сурап НАТОго кайрылды.