АКШнын Жашыруун кызматына АК үйдү айланта чоң дубал тургузууга макулдук берилди
АКШнын Жашыруун кызматы тийиштүү федералдык бийликтен Ак үйдүн тегерегин айланта курчаган бийик дубал тургузууга уруксаат алды
Ирандын ТИМи АКШнын балбандарынын Дүйнө кубогуна катышуусуна каршы болду
Ирандын ТИМи 16-17-февралда бул өлкөнүн Керманшах шаарында өтүүчү эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогуна АКШнын курама командасынын катышуусуна каршы чыкты.
Медведев окумуштууларга РФнын өкмөтүнүн сыйлыктарын тапшырды
Россиянын премьер-министри жаш окумуштуулар үчүн илим жана техника жаатындагы 2016-жылдагы өкмөттүн сыйлыгын тапшырды
Ирина Трамп КЭРдин элчилигинде өткөн Жаңы жылды майрамдоого барды
АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка ай календары боюнча Жаңы жылды майрамдоо байланыштуу Вашингтондогу Кытай Эл Республикасынын элчилигине барды.
Хиллари Клинтон шайлоодогу өзүнүн жеңилип калгандыгы тууралуу китеп жазат
АКШнын экс-мамкатчысы, АКШнын президенттигине мурдагы талапкер Хиллари Клинтон шайлоо алдындагы өнөктүктүн учурундагы окуялар жана өзүнүн жеңилип калышы тууралуу китеп жазат
Индия мамкорпорацияларды бириктирүүнүн эсебинен мунай гигантын түзүүнү чечти
Индиянын өкмөтү мунай активдерин бириктирүүнү жана чоң мамкомпанияны түзүүнү көздөп жатат жана бул трансулуттук корпорациялар жана миллиардер Мукеш Амбаниге таандык индиялык Reliance Ihdustries LTDга ийгиликтүү атаандаш боло алат деп эсептейт
Британиялык парламент экинчи окууда Brexit жөнүндөү мыйзам долбоорун колдоду
Британиялык парламенттин общиналар палатасы ЕСтен Улуубританиянын чыгуу жол-жобосун баштоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды, деп билдирди “Гардиан” гезити.
АКШда Иранга каршы санкция киргизүү сунушталды
Израилдин иштери боюнча топту жетектешкен төрт республикачы-конгрессмендер - Питер Роскам, Ли Зельдин, Леонарод Ланс, Даг Лэмборн баллистикалык ракеталарды иштеп чыгуу программасына жана терроризмди колдоосуна байланыштуу Иранга каршы санкция киргизүү жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун даярдашты жана киргизишти.
Британиянын королевасы 49 миң гомосексуалистти өлгөндөн кийин актады
Улуубританиянын королевасы Елизавета II 49 миң гомосексуалиске өлгөндөн кийин ыйгарым кылуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
Бразилиянын президенти өкмөттү реформалап, жаңы эки министрликти түздү
Бразилиянын президенти Мишел Темер жаңы эки министрликти түзүү жолу менен өкмөттү реформалоо чечимин кабыл алды
АКШнын универмагдар тармагы Трамптын кызынын фирмасынын буюмдарын сатуу үчүн сатып алуудан баш тартышты
Nordstrom универмагдар тармагы президенттин кызы Иванка Трамтын фирмасынын модалуу буюмдарын сатып алуудан баш тартууну чечти.
Сот Меланья Трамптын Daily Mail гезитине доосун четке какты
Мэриленд штатынын округдук соту 2016-жылдын сентябрында АКШнын азыркы биринчи ледиси Меланья Трамптын адвокаты тарабынан британиялык Daily Mail гезитине каршы берилген ушак-каралоо жөнүндөгү доосун четке какты
Астанада Сирия боюнча техникалык жолугушуу өтөт
Бүгүн, 6-февралда Астанада БУУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда Россияныын, Түркиянын жана Ирандын делегацияларынын Сирия боюнча техникалык жолугушуусу болоорун Казакстандын ТИМинин басма сөз кызматынын жетекчиси маалымдады.
“Протондун” коммерциялык учуусу апрелдин баш жагында болот
“Роскосмостун” башчысы Игорь Комаров билдиргендей, “Протон-М”ди коммерциялык учуруу апрелдин башында “Байкоңур” космодромунан жүзөгө ашырыла тургандыгын “Россия 24” телеканалына берген интервьюсунда билдирди.
Uberдин башчысы Трамп түзгөн экономикалык кеңештен чыгып кетти
Uber Technologies inkтин башкы аткаруучу директору Трэвис Каланик Дональд Трамп түзгөн экономикалык кеңештин мүчөлүгүнөн чыгып кетти.
Түркиянын президенти Россияга марттын биринчи жарымында келет
Түркиянын Россия Федерациясындагы элчиси Хусеин Дириоз “Интерфакска” берген маегинде Түркиянын республикасынын лидеринин Россияга визити март айынын биринчи жарымында болоору күтүлүп жаткандыгын, анын күн тартибинде эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу маселелери тургандыгын билдирди.
Америкалыктардын 40%ы Дональд Трампка импичмент жарыяланышын колдошту
Public Policy Polling (РРР) компаниясы жүргүзгөн сурамжылоолордун натыйжасында америкалыктардын кеминде 40%ы АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурациясынан эки жума өткөндөн кийин эле импичмент жарыяланышын колдоору белгилүү болду
Абэ Путиндин өзү менен тынчтык келишимин түзгүсү келет
Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ РФнын президенти Владимир Путиндин жеке өзү менен эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишимине кол коюуну каалай тургандыгын билдирди.
Harley-Davidson Трамптын өз заводуна жасалуучу визитинен баш тартты
CNN билдиргендей, Harley-Davidson мотоцикл чыгаруучу компаниясындагылар жаңы президенттин саясатына каршы Милуокиде демонстрациялар даярдалып жаткандыгына байланыштуу Дональд Трамптын визитинин жасалышын токтото турууну туура деп табышты.
Кытай континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады
Кытай жаңы DF-5С (“Дунфэн-5-си”) континенттер аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү
Россиялык аскерлер 2017-жылы 2,8 миңден ашуун машыгууларды өткөрүшөт
РФнын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргендей, 2017-жылы Россиялык аскерлер 2,8 миңден ашуун тактикалык, тактикалык-атайын жана командалык-штабдык машыгууларды өткөрүшөт.
Трамп Барак Обама эмес
“Иран Америка Кошмо Штаттарын эч бир сыйлагысы келбейт. Анткени ал дүйнөдөгү номер биринчи террористтик мамлекет
Жаңы Зеландиялык уйлардын этинен рактопамин заты табылды
Россельхознадзор бүгүн, 6-февралдан тарта Жаңы Зеландиядан уй этин жана андан жасалган субпродуктуларды Орусияга импорттоону токтотту.
Трамп Путинди урматтайт
5-февралда Fox News телеканалына интервью берип жатып АКШнын президенти Дональд Трамп алып баруучунун “Владимир Путин киши өлтүргүч” деген айыптоосуна жооп кайтарды.
Румындардын өкмөттү отставкага кетирүүгө алдары жетеби?
Румынияда алты күндөн бери Өкмөттүн отставкасын талап кылган каршылык көрсөтүү демонстрациялары улантылууда.