Түркмөндөрдүн гигант килеми
Ар улуттун элдери өз рекорддору менен дүйнөнү таңдандыргылары келет.
Евросоюз Белоруссияга каршы санкция киргизет
Евросоюз өлкөлөрүнүн лидерлери персоналдык санкциялар киргизилүүчү белоруссиялык чиновниктердин аты-жөндөрүн макулдашышты жана бул тизмеде 40 адам бар, бирок алардын арысында Александр Лукашенко жок деп ЕС саммитинин биринчи күнүн жыйынтыктоодон кийин Европалык кеңештин жетекчиси Шарль Мишель билдиргендигин ВВС маалымдады.
Кустанайда куш тумоосуна байланыштуу айылдар карантинге жабылууда
Казакстандын Кустанай облусунда дагы үч, бардыгы болуп алты айыл карантинге жабылды деп маалымдады “Костанайские новости” басылмасы.
Илимпоздор коронавируска каршы таасирдүү дары каражаты табылгандыгын жарыялашты
Сиэтлдеги Вашингтон университетинин адистери коронавирустан айыгып чыккан бейтаптардан алынган антителолордун жардамы менен бул коркунучтуу вируска каршы дары иштеп чыгышты.
Словакияда 45 күнгө өзгөчө абал киргизилет
Словакиянын бийликтери бүгүн, 1-октябрдан тарта өлкөдө 45 күнгө өзгөчө кырдаал режимин киргизди деп маалымдады братиславалык ТАЗ телеканалы.
Армения “бардык фронттор боюнча чегинүүдө"
27-сентябрдан бери Армения 200 танкасынан, 230 артиллериялык куралдарынан, реактивдүү системаларынан, 30 абадан коргонуу каражатынан, 110дон ашык автоунааларынан жана бир С-300 зениттик-ракеталык комплексинен, алты командалык пунктунан ажырады, армян аскерлери бардык фронттор боюнча чегине баштады деп билдирди Азербайжандын Коргоо министрлиги.
Германия Лукашенкону Белоруссиянын президенти деп тааныбайт
Канцлер Ангела Меркель бундестагда сөз сүйлөп жатып Германия Александр Лукашенкону Белоруссиянын президенти катары тааныбайт деп айтты.
Путин россиялыктардын жагдайын түшүнөт
Россиянын Президенти Владимир Путин өлкө жарандарын беткап тагынуу жана вирустан коргонуу чараларын сактоо талабы тажатып жибергендигин түшүнөм деп айтты, бирок ал COVID-19 – “өтө коркунучтуу жана жылма душман” экендигин баса белгиледи.
Индиянын вице-президенти коронавирус жуктуруп алды
Индиянын вице-президенти Венкая Найду коронавирус жуктуруп алды.
Футболдон президентикке аттанган Джордж Веа
Либериялык Джордж Веа дүйнөгө алгач мыкты футболчу катары таанылган.
АКШнын 39-президенти Джимми Картер
Джимми Картер АКШда 1977-1981-жылдары өлкөнүн 39-президенти катары кызматын өтөгөн.
«Горбатый» деген атка конгон «Запорожец»
СССРде «горбатый» деген атка конгон эки эшиктүү, мотору артка жайгашкан «Запорожец» автоунаасынын алгачкы партиясы 1960-жылы 1-октябрдан тарта Украинанын Запорожье шаарындагы «Коммунар» заводунан чыгарыла баштаган.
Ёсихидэ Суга Куриль аралдарынын маселесин чечкиси келет
Япониянын жаңы премьер министри Ёсихидэ Суга Россиянын президенти Владимир Путин менен телефондогу сүйлөшүү учурунда Куриль аралдарынын маселесин чечкиси келээрин билдирди деп маалымдады ТАСС агенттиги.
Россия Сирияда беш жылда 133 миңден ашык террористти жок кылды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сирияда россиялык куралдуу күчтөр тарабынан жок кылынган террористтердин санын атады.
Путин коронавируска каршы эмделүүгө даяр
Россиянын Президенти Владимир Путин Түштүк Кореяга бараар алдында коронавируска каршы эмдөө жасатууга даяр деп билдирди кечээ, 29-сентябрда мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Түркмөнстанда цемент кымбаттады
Түркмөнстандын бардык аймактарында цемент чукулунан кымбаттады деп маалымдады turkmen.news.
Гонконгдо көмүүгө жай жетишпегендиктен өлгөндөрдүн күлүн алмазга айлантышууда
Гонконгдо менчик көрүстөндөрдө жайдын баасы 25 миң евро турат.
Кытайда балдарды ууландырган тарбиячы өлүм жазасына тартылат
Хэнань провинциясынын Цзяоцзо шаарынын орто тепкичтеги элдик соту балдарды ууландырган бала бакчанын тарбиячысын өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарды деп билдирди РИА “Новости”.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Тажикстанга келди
Премьер-министр Абдулла Арипов жетектеген өзбекстандык делегация бүгүн, 29-сентябрда соода-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын 7-отурумуна катышуу максатында Душанбеге учуп келди.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу-Карабахтагы курчуган кырдаалды талкуулайт
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн, 29-сентябрда курчуп бараткан армян-азербайжан куралдуу жаңжалын талкуулайт деп кабарлады РИА “Новости”.
Бүгүн Байден менен Трамп дебатта жолугушат
Бүгүн, 29-сентябрда АКШнын Огайо штатына караштуу Кливленд шаарында президенттикке талапкерлер Джо Байден менен Дональд Трамптын биринчи жолку бетме-бет дебаты өтөт.
Япон авиакомпаниясы “ladies and gentlemen” деп кайрылууну токтотот
Япониялык Japan Airlines авиакомпаниясы 1-октябрдан тарта кардарларды тейлөө саясатына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизет.
Россияда коронавируска кабылуунун туу чокусу болжолдонду
Россияда коронавируска кабылуунун өсүүсү болжол менен эки-үч жумадан кийин башталат жана анын туу чокусу ноябрдын башына туура келет деп маалымдады РИА “Новости”.
Евро курсунун жаңы рекорду
Москва биржасында 2016-жылдан бери биринчи жолу евронун курсу 92 рублдан ашты деп маалымдады РИА “Новости”.
Кытайда экономиканын калыбына келүүсү токтоду
Кытайда сентябрь айында экономиканын кризистен кийин калыбына келүүсү токтоду деп маалымады Bloomberg агенттиги.