Путин жалпы улуттук локдаун киргизилбейт деди
Россиянын президенти Владимир Путин: “Биз кандай кадамдарды жасоо керектигин жакшы билебиз, ошондуктан өлкөдө чектөө чараларын, экономика жана бизнестин кыймылын толук токтоткон локдаун киргизүү планыбызда жок”, - деп айтты кечээ, 29-октябрда “Россия зовёт!” форумунда сүйлөгөн сөзүндө.
Инновацияны колдоо
Бүткүл дүйнөлүк банк “Өзбекстанда улуттук инновациялык системанын өнүктүрүү системасын өркүндөтүү” долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн 50 миллион доллар бөлдү.
Россияда бир суткада коронавирустан 366 адам каза тапты
Россиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 17 миң 717 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Мирзиёев көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча жарлыкка кол койду
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ, 28-октябрда “Комускө экономиканы кыскартуу жана салык органдарынын ишмердигинин кайтарымдуулугун жогорулатуу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө жарлыкка кол койду.
Тажикстанда мектептерге танапис жарыяланды.
Тажикстанда мектеп окуучулары 1-ноябрдан баштап 10 күндүк күзгү танаписке тарашат.
Грузия: Парламенттик шайлоого 50 партия катышат
31-октябрь күнү Грузияда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт.
Европа өлкөлөрү коронавируска байланыштуу карантинди катаалдантты
Европа биримдигине мүчө мамлекеттер коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу карантин эрежелерин катаалданты.
Рамзан Кадыров балдарына Мухаммед деп ысым койгондорго 100 миң рубль убада кылды
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Мухаммед пайгамбардын атын урматтап балдарына ысым койгондорго 100 миң рубль убада кылды.
Монголиянын алтын сатуудан түшкөн кирешеси көбөйдү
Монголиянын алтын сатуудан түшкөн кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 800 миллион долларга көбөйдү деп айтылат өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматтарында.
Германияда кафе-ресторандар, театрлар жана фитнес-студиялар жабылат
Германияда 2-ноябрдан тарта кафе-ресторандар, театрлар жана фитнес-студиялар жабылат.
Коронавирусту испанкага салыштырышууда
Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин инфекциялар боюнча башкы дарыгери Владимир Чуланов коронавирусту 1918-жылы жайылган испанкага салыштыргандыгын РИА “Новости” маалымдады
Россияда үчүнчү кварталда табылган жасалма акчалардын саны эки эсеге көп болду
2020-жылдын үчүнчү кварталында Россияда колдо жасалган 14 780 даана акча белгилери аныкталды деп айтылат Россиянын борбордук банкынын маалыматтарында.
Франция жаңы чектөөлөр киргизилээрин жарыялады
Франция эртең, 30-октябрдан тарта жалпы окчундоо режимине кайтып келет.
Путин менен Эрдоган Тоолуу-Карабактагы кырдаалды талкуулашты
Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен Тоолуу-Карабактагы жаңжалдын жагдайын талкуулады деп маалымдады Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме жасаган РИА “Новости”.
Кувейттик Эйнштейн
Соцтармактардан учурдун Альберт Эйнштейни табылды. Ушул айдын соңку күндөрүндө Твиттердин пайдалануучусу атактуу физик Альберт Эйнштейнге куюп койгондой окшош адам менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Польшада абортко тыюу салуу жөнүндө мыйзамга каршы нааразылыктар күчөдү
Польшада алты күндөн бери абортко тыюу салуу жөнүндө мыйзамга каршы нааразылыктар токтобой жатат.
Россия менен Кытай АКШнын аскердик кубатына суктанышат
Президент Дональд Трамп Россия менен Кытай Америка Кошмо Штаттарынын аскердик кубатына суктанышат, Америка аларга карата эч качан ядролук куралды колдонбостугуна ишенем деп билдиргендигин РИА “Новости” кабарлады.
Президент болсоң Махмуд Ахмадинежаддай бол
Иран Ислам Республикасынын 6-президенти катары 2005-2013-жылдары өлкөнү башкарган Махмуд Ахмадинежад бүгүн 64 жашка толду.
Жумушсуз калган жарандарга 900 сомдон жөлөк пул төлөө боюнча токтом долбоору сунушталды
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун кесепетинен жумушсуз калган жарандарга 900 сомдон жөлөк пул төлөө боюнча токтом долбоорун сунуштагандыгы белгилүү болду.
Моралес Боливияга кайтып баргандан кийин эмне кылаарын билет
Боливиянын мурдагы президенти Эво Моралес өлкөгө кайтып келгенден кийин мамлекеттик кызматтарда иштебейт.
Россияда коронавирус менен оорунун суткалык рекорду катталды
Акыркы суткада Россиянын 85 аймагында коронавирус аныкталган рекорддук 17 347 учур катталды.
Айда суу бар экендиги аныкталды
Америкалык илимпоздор Айдын бетинде молекулярдык суу бар экендигин так аныктай алдык деп айтып жатышкандыгын РИА “Новости” кабарлады.
Байден президент болуп калса байларга салык жогорулайт
АКШ президенттигине талапкер Джозеф Байден алдыдагы шайлоодо шайланып калса, анын экономикалык саясатында салыктарды жогорулатууга басым жасалат деп жазды Fox Business басылмасы.
Армения Кубатлы шаарын Азербайжанга тарттырып жиберди
Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян азербайжандык аскерлер Тоолуу-Карабактагы Кубатлы шаарын ээлеп алышкандыгын тастыктады деп РИА “Новости” кабарлады.
Россияда чакан бизнести текшерүүгө тыюу салынат
Россиянын президенти Владимир Путин 2021-жылдын 31-декабрына чейин чакан бизнести пландуу текшерүүгө тыюу салууларды узартуу каралган өзгөртүүлөрдү мыйзамга киргизүүнү өкмөткө тапшырды деп кабарлады ТАСС агенттиги.