Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

​Мозамбикте россиялык беш жалданманын баштары алынды

Дүйнө
31 - Октябрь 2019
0
31

Мозамбиктин түндүгүндө радикал исламчылар менен кагылышта россиялык жеке менчик “Вагнер” аскердик компаниясынын беш жалданма жоокеринин башы алынгандыгын Carta de Mocambique басылмасы маалымдады.

​Нидерланды Казакстанда агропарк курууга ниеттенүүдө

Дүйнө
31 - Октябрь 2019
0
29

Казакстандын жана Нидерланды Королдугунун премьер-министрлери Аскар Мамин менен Марк Рюттенин катышуусунда Гаагада эки өлкөнүн ортосунда 5 макулдашууга кол коюлду.

​Казакстанда Синьцзяндык качкындардын чек арадан өтүп келишине жол бергендер жазаланат

Дүйнө
31 - Октябрь 2019
0
28

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын төрагасы Дархан Дильманов чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн синьцзяндык этникалык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы бир жылга чейин эркинен ажыратылышат деп билдирди.

​Израиль акчанын тартыштыгынан бүт дүйнөдөгү элчиликтери менен консулдуктарын жабат

Дүйнө
31 - Октябрь 2019
0
31

Бул тууралуу Израилдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

​Өзбекстанда сейсмикалык кооптуу үйлөрдүн баарысы бузулат

Дүйнө
30 - Октябрь 2019
0
36

Өзбекстанда 35 миңге жакын көп кабаттуу үйлөр сейсмикалык жана энергетикалык талаптарга жооп бербейт деп билдирди курулуш министринин орун басары Шухратхужа Хашимов.

​12-декабрда Улуу Британияда парламенттик шайлоолор өтөт

Дүйнө
30 - Октябрь 2019
0
40

Британ парламентинин 438 депутаты 12-декабрда мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүүгө макул болду.

Өзбекстан коммуналдык кызматтар үчүн акыларды жогорулатуудан баш тартат

Дүйнө
30 - Октябрь 2019
0
30

Өзбекстанда коммуналдык кызматтардын баалары жылына эки жолу жогорулатылып келсе, мындан ары акырындык менен пландуу баа көтөрүүдөн баш тартылат деп билдирди Борбордук банктын акча-кредиттик саясат департаментинин директору Бекзод Хамраев.

Россия Тажикстанга 5 миллион долларлык аскер техникаларын бекер берди

Дүйнө
30 - Октябрь 2019
0
33

Россия Жамааттык коопсуздук келишим уюумуна мүчө өлкөлөрдүн “Бузулгус бир туугандык-2019” аскердик машыгууларынан кийин Душанбеде жалпы өлчөмү 320 миллион рублди (5 млн доллар) түзгөн аскердик техникалардын партиясын Тажикстанга бекер бергендигин РФ Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Монголиянын бийлик партиясынын фракция башчысы коррупция боюнча айыпталууда

Дүйнө
30 - Октябрь 2019
0
29

Монгол элдик партиясынын парламенттеги фракциясынын лидери Д.Тогтохсурэн Өмнөговь аймагынын губернатору болуп иштеп турган кезинде 70 миллион тугрик өлчөмүндө пара алган деп айыпталууда.

​Россиялык ядролук жаңы ракета 2020-жылдын башында сынактан өтөт

Дүйнө
30 - Октябрь 2019
0
28

Россиянын Коргоо министрлиги 2020-жылдын башында РС-28 “Сармат” деп аталган суюк отундуу континенттер аралык баллистикалык жаңы ракетасын сыноодон өткөрөт.

​Рафаэль Гросси МАГАТЭнин жаңы башкы директору

Дүйнө
30 - Октябрь 2019
0
30

Кечээ, 29-октябрда аргентиналык Рафаэль Гросси Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) жаңы башкы директору болуп шайланды.

Түркия россиялык Су-35тен баш тартты

Дүйнө
30 - Октябрь 2019
0
26

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Анкара Россиядан Су-35 аскердик самолетторун сатып албайт деп билдиргендигин ТАСС агенттиги маалымдады.

Брекситтин мөөнөтү 2020-жылдын 31-январына жылды

Дүйнө
29 - Октябрь 2019
0
49

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Евросоюздан чыгуу боюнча Brexitтин мөөнөтүн 2020-жылдын 31-январына чейин жылдырууга расмий түрдө макул болду деп билдирди Интерфакс.ру.

​Чимабуэнин ашканадан табылган шедеври 24 млн долларга сатылды

Дүйнө
29 - Октябрь 2019
0
39

Франциянын түндүгүндөгү Компьень шаарында жашаган француз байбичесинин ашканасында көп жылдар бою илинип турган флорентиялык живописчи Чимабуэнин “Христи мазактоо” деп аталган шедеври аукциондо 24 миллион еврого сатылгандыгын Daily Mail гезити маалымдады.

Мунайдын дүйнөлүк запастарынын үчтөн бирине АКШ тарабынан санкция салынган

Дүйнө
29 - Октябрь 2019
0
34

РИА Новостинин маалыматына караганда, Иран, Венесуэла жана Россия сыяктуу өлкөлөрдөгү мунайдын дүйнөлүк запастарынын үчтөн бирине АКШ тарабынан санкция салынгандыгын Г.В.Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин экономика кафедрасынын доценти Ольга Лебединская эсептеп чыккан.

Монгол талаасында мунайдын запастары табылды

Дүйнө
29 - Октябрь 2019
0
39

Монголиянын “Петро Матад” мунайгаз компаниясы Дорнод аймагындагы ХХ участкасында “Цэн Тогоруу I” скважинасынын жардамы менен бул жерде мунай запастарынын бар экендигин аныктады.

Казакстанда “кытай экспансиясына” каршы митингдер өттү

Дүйнө
29 - Октябрь 2019
0
36

28-октябрда Казакстандын борбор калаасы Нур-Султанда жана Алматы, Шымкент, Актөбө шаарларында кытай экспансиясына каршы нааразылык акциясына чыгып, ошондой эле Кытайда куугунтукка алынган этникалык казактарды коргоону талап кылган 26 адам полиция тарабынан кармалды.

Абу Бакрдын сөөгү деңизге көмүлдүбү?

Дүйнө
29 - Октябрь 2019
0
39

“Ислам мамлекети” террористтик тобунун 26-октябрда америкалык аскерлер тарабынан жок кылынган лидери Абу Бакр аль-Багдадинин сөөгү деңиз түбүнө көмүлгөндүгүн Пентагондун өкүлдөрүнө шилтеме жасаган CNN телеканалы маалымдады.

​ЖОЖдор да санариптештирилет

Дүйнө
28 - Октябрь 2019
0
55

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары жана колледждери бирдиктүү терезе режиминде иштөөгө өтөт.

Махатхир Мохамад Ашхабадда

Дүйнө
28 - Октябрь 2019
0
48

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад жубайы менен бирге Түркмөнстанга расмий сапар менен келди.

Улан-Батордо кара топурак казууга тыюу салынат

Дүйнө
28 - Октябрь 2019
0
38

2020-жылдын 1-январынан тарта Монголиянын борбору Улан-Батордо кара топурак казып алууга 3 жылга чейин тыюу салынат деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Сактанбагандыктын запкысы көп

Дүйнө
28 - Октябрь 2019
0
31

Жыл сайын киреше деңгээли төмөн жана орто өлкөлөрдө пландалбаган бойго бүтүүнүн 74 миллион учуру катталат.

Microsoft Amazonдон алдыга чыгып, Пентагондон $10 млрддык контракт алды

Дүйнө
28 - Октябрь 2019
0
34

АКШнын Коргоо министрлиги маалыматтарды сактоо инфраструктурасын түзүү үчүн Microsoft компаниясы менен 10 жылдык мөөнөткө 10 миллиард долларга контракт түздү деп билдирди Коммерсантъ басылмасы.

Өзбекстан менен Кытай көп жолку ишкер виза киргизишти

Дүйнө
28 - Октябрь 2019
0
25

Үстүбүздөгү жылдын 27-августунда Пекинде кол коюлган өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, Өзбекстан менен Кытай өз ара көп жолку ишкер виза киргизишти деп билдирди кошуна өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги.

Рахмон абактагы 20 миң адамга мунапыс жарыялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

Дүйнө
28 - Октябрь 2019
0
32

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өлкө Конституциясын кабыл алуунун 25 жылдыгынын урматына парламент тарабынан жактырылган “Мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койду.