Бала тарбиялоого эң ыңгайлуу өлкө
Скандинав өлкөлөрү балдарды тарбиялоо үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн башында турат.
Түркмөнстандын мектептеринде телефон колдоно алышпайт
Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынды.
70 жаштагы бодибилдер
Монголиялык70 жаштагы Дашийн Намхайдорж пенсияга чыккандан кийин акыркы 15 жылдан бери бодибилдинг жана пауэрлифтинг менен машыгып келет.
Угандалык имам кокусунан эркекке үйлөнүп алганы белгилүү болду
Угандалык имам Мухаммад Мутумба Шабулла Набукира аттуу кызга никесин кыйдыргандан эки жума өткөн соң, “келинчегинин” Ричард Тумушабе деген эркек суукуйду экендиги анык болду деп маалымдады Lenta.ru.
Медведев “Единая Россия” партиясынын төрагасы бойдон калат
15-январда отставкага кеткен Россиянын экс-премьер-министри Дмитрий Медведев “Единая Россия” саясий партиясынын төрагасы бойдон калаарын РИА “Новости” маалымдады.
Меркель Европанын аскердик кубатын өнүктүрүүгө чакырды
Германиянын канцлери Ангела Меркель британиялык Financial Times гезитине берген интервьюсунда АКШ менен мамилелер өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу Европа дүйнөлүк саясатта көбүрөөк жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр туруусу жана аскердик кубатын өнүктүрүүсү керек деп билдирди.
Рамзан Кадыров сыркоолоп жатат
РИА “Новостинин” маалымдоосуна караганда, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров сыркоолоп калгандыгына байланыштуу республика жетекчисинин милдетин убактылуу аткарууну премьер-министр Муслим Хучиевге тапшыргандыгын Чеченстандын Мамдумадагы депутаты Шамсаил Саралиев билдирген.
Өзбекстанда 2019-жылы “автомобилдик кооз номерлерди” сатуудан 16 млн доллар киреше түштү
2019-жылы Өзбекстанда avtoraqam.uzex.uz сайтындагы онлайн аукцион аркылуу 156,1 млрд сумга (16,3 млн доллардан ашык) автомобилдик кооз номерлер сатылды.
Монголияда 2019-жылы өлгөн донорлордун органдарын пациенттерге жалгаштыруу боюнча 20 операция жасалды
Буга өлкөдө 2018-жылы парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдын чегинде уруксат берилген.
Россия дүйнөнүн мыкты өлкөлөрүнүн рейтингинде позициясын бекемдеди
РИА “Новостинин” билдиргенине караганда, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия U.S. News & World Report журналы тарабынан түзүлгөн дүйнөнүн 73 мыкты өлкөлөрүнүн рейтингинде 23-орунду ээледи.
Өрттөн жапа чегип жаткан Австралияны калыбына келтирүүгө 100 жыл керек
Бир нече айдан бери Австралияда токтобой жаткан токой өрттөрү бери дегенде эле 28 адамдын өмүрүн алды, миллиарддан ашык жаныбарлар кыргынга учурады.
Монголиялык алыска жүк ташуучулар 16 өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да товар ташый баштайт
Монголиянын Жол жана транспорттук өнүктүрүү министрлиги кечээ, 15-январда монголиялык алыска жүк ташуучулар Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Украина, КЭДР, Беларусь, Латвия, Венгрия, Түркия, Литва, Польша, Германия, Чехия, Грузия жана Словакия сыяктуу 16 өлкөгө товарларды ташый баштаарын билдирди.
Путин Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустинди премьерликке сунуштады
Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин макулдугун алган Россиянын президенти Владимир Путин премьер-министрликке анын талапкерлигин Мамдуманын кароосуна сунуштады.
Brent маркасындагы мунайдын баасы турукташты
АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешүүлөрдүн айынан олку-солку абалга келген Brent маркасындагы мунайдын баасы 14-январда Лондон биржасында $64,25 деңгээлинде турукташты деп маалымдады Интерфакс.ру.
Россияга куш тумоосу коркунуч жаратууда
Венгрияда, Польшада жана Словакияда катталган куш тумоосунун H5N8 штаммы Россияга коркунуч туудуруп жаткандыгын Роспотребнадзор эскертүүдө.
Бир монгол жылына 90 кг эт жейт
Монголия калктын жан башына эт керектөөсү боюнча дүйнөдө 11-орунда турат.
Япон министри Коидзуми Синдзиро декреттик эс алууга чыгууда
Японияда биринчи жолу эркек министр бала багуу үчүн эки жумалык декреттик эс алууга чыгып жатат деп маалымдады NHK телеканалы.
Россияда быйыл жаз жылуу болот
“Фобос” аба ырайы борборунун адиси Евгений Тишковецтин билдиргенине караганда, январь жана февраль айлары Россияда жылуу болот деп маалымдады РИА “Новости”. Тишковецтин айтымында, жаз да эрте келип, климаттык нормадан 3-4 градуска жылуу болот.
Зеленский Порошенконун аялын кызматтан бошотту
Украинанын президенти Владимир Зеленский мурдагы мамлекет башчы Петр Порошенконун аялы Марина Порошенкону “Мистецький арсенал” Улуттук маданий-көркөм жана музей комплексин өнүктүрүү маселеси боюнча кеңештин төрайымы кызматынан бошотту жана анын ордуна Украинанын учурдагы биринчи айымы Елена Зеленскаяны дайындады.
Казакстандын акча алмаштыруучу жайларында $1300дөн ашык валюта алмаштырган кардарлардын аты-жөнү жазылат
Казакстанда акча алмаштыруу пункттары 1-февралдан тарта саат 9-00дөн 20-00гө чейин гана иштейт жана $1300дөн ашык валюта алмаштырган кардарлардын аты-жөнү жазылат.
Россия эгин экспорттоого чектөө киргизиши мүмкүн
Россия 2020-жылдын сезонунун экинчи жарымында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары дан эгиндерин экспорттоону 20 миллион тоннага чейин чектеши мүмкүн.
Окумуштуулар клеткалардан робот жасашты
АКШнын Вермонт университетинин окумуштуулары биринчи жолу тирүү клеткалардан робот жасашты.
Иранда украиналык учакты атып түшүрүү иши боюнча болжолдуу шектүүлөр кармалды
Азырынча канча адам кармалгандыгы боюнча так маалымат жок.
«Любэ» тобу
Советтик жана россиялык рок-группа.
Генерал Сулейманини өлтүргөндүгү үчүн Иран Трампты сотко берет
Ирандын Жогорку сотунун төрагасы Эбрахим Раиси генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн АКШнын президенти Дональд Трамп башкы айыпкер катары сот жообуна тартылышы керек деп айткандыгын ТАСС агенттиги маалымдады.