Пакистанда оппозиция активисттери камалууда
Пакистандын полициясы 27-октябрь күнү оппозиция лидери Имран Хандын ондогон колдоочусун кармап кетти.
Түрк бийлиги 73 учкучту камоого буйрук берди
Алар июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыпталып жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Эгемендүүлүк түркмөндөрдүн мактанычы
Кечээ, 27-октябрда Түркмөнстан эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгиледи.
Жер-Ортолук деңизи дагы 90 адамды алып тынды
Европага мыйзамсыз мигранттарды ташып жеткирүү жолго коюлган Жер-Ортолук деңизи “качкындардын көрүстөнүнө” айланууда.
Самолеттор да тик учкусу келет
Boeing корпорациясы тик көтөрүлүп, кайра коно турган жүргүнчүлөрдү ташуучу самолеттун патентине ээ болду.
Өзбекстандын билим берүү мекемелеринде газдуу суусундуктар менен тез татым тамактарды сатууга тыюу салынат
UzbekistanToday басылмасынын маалыматына таянсак, Өзбекстандагы бардык мектептер үчүн Өзбекстан ашпозчулар ассоциациясы тарабынан сунушталган комплекстүү түшкү тамактарды даярдоочу комбинат түзүлөт.
Ооганстанда апийим өндүрүү көбөйгөн
Ооганстанда апийим өндүрүү быйыл 10 пайызга өстү.
Смартфондордун эң көбү кытайлыктардын колунда
Жер шарында жашаган калктын үчтөн бири смартфондордун активдүү колдонуучулары болуп эсептелет.
Апийим баарынан артык болуп жатат
2015-жылы Ооганстанда 3,3 миң тонна апийим жыйналган.
Адамзат жаныбарларды биротоло тукум курут кылабы?
Бүткүл дүйнөлүк жапайы табият фондусунун(WWF) докладындагы маалыматтарга караганда, акыркы 40 жылда Жер шарында канаттуулар, балыктар, амфибиялар менен рептилиялар сыяктуу жан-жаныбарлардын түрлөрү менен саны 60%га кыскарган.
Японияда улгайган жарандар балдардын санынан көп
Маалыматтарга караганда Япониянын калкынын саны биринчи жолу 1920-жылдан тарта төмөндөй баштаган.
Италиянын өкмөтү жер титирөө чыгымына каражат бөлөт
Шаршемби күнү Италиянын борборунда болгон катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Италия өкмөтү 40 миллион евро бөлөт.
Франсуа Олланд эскертет
Ирак менен Сириядан өз өлкөсүнө кайтып келүүнү каалаган "Ислам мамлекетинин" террорчуларын кайдан болбосун табуу үчүн зарыл болгон бардык кадамдарды жасоо керек.
Йемендик кыздын сүрөтү дүйнөнү таң калтырды
IRIB агенттигинин маалыматына караганда, 18 жаштагы Йемендик кыздын жарыяланган сүрөтү өлкөдөгү эл ачкачылыктан жабыр тартып жаткандыгын кабарлайт.
Футболчу Криштиану Роналду диний жаңжалдын себепкери болуп калды
Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун айланасында кезектеги жаңжал чыкты
Тажикстанда 82 жаштагы эне уулунан алимент өндүрүп алды
Тажикстандын Хатлон облусундагы 82 жаштагы байбиче сот аркылуу тун баласынан алимент талап кылды.
Түндүк Америка менен Евразия бири-биринен алыстап жатат
Түндүк Америка менен Евразия жылдар өткөн сайын бири-биринен алыстап жатканын Орусиянын Илимдер академиясынын окумуштуулары айтып чыгышкан.
Кытайда келбети өзгөчө торопой туулду
Кытайда үч көздүү жана эки мурундуу торопой туулду.
Мындан 94 жыл мурун “ВВС” радиокомпаниясы негизделген
1922-жылы британиялык Британ көп тармактуу корпорациясы, кыскача "Би-би-си" негизделген.
Түркияда сүйүктүүсүн көрүү үчүн чач тарачка хиджабчан барган "террорчу" кармалды
Аталган жигиттин хиджабчан чач тарачка кирип баруусу заматта ызы-чуу чыгарган.
Уча турган автоунаанын баасы айтылды
Учуучу автоунаанын баасы белгилүү болду.
Тажикстанда сим-карталар кайрадан катталат
Сим-карталарды каттоо 2017-жылдын башына чейин болот.
Родриго Дутерте баңгизат менен күрөшүүнү күчөтөт
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө адам укуктарын "уруп ойнобой" турганын айтты.
Балиде көпүрө кулап, адамдар каза тапты
Индонезиянын Бали аралындагы көпүрө кулап, 34 адам каза тапкан.
Кытайда жатындагы 28 жумалык баланын жүрөгүнө операция жасалды
Гуандун провинциясындагы врачтар 22-сентябрда төрөлө элек баланын жүрөгүнө операция жасашканын кытайлык “Жэньмин жибао” гезити жазып чыкты.