Борно штатында 75 миңдей бала ачарчылыктан көз жумушу мүмкүн
Жакынкы айларда Нигериянын түндүк-чыгышындагы Борно штатында 75 миңдей бала ачарчылыктан көз жумушу мүмкүн.
“Чөлдөгү Сингапур"
Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн көбү жаратылыш ресурстарын экспорттоого көз каранды болбой эле, экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн жолдорун издеп жатышат.
Ангеланын кумары качан тарайт?
2017-жылдын күзүндө Германияда кезектеги парламенттик шайлоо өткөрүлөт.
Мухаммед Мурсиге чыгарылган өлүм жазасы жокко чыгарылды
Египеттин доо арыздарды караган негизги соту өлкөнүн мурдагы президенти Мухаммед Мурсиге чыгарылган өлүм жазасын жокко чыгарды.
Алексей Улюкаев үй камагына алынды
Москванын Басман соту коррупцияга айыпталып жаткан экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевди үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Президенттин күнү белгиленет
Тажикстанда 16-ноябрда алгачкы жолу Президенттин күнү белгиленет.
Назарбаев 10000дик тенгенин көркү
Казакстанда Назарбаевдин портрети түшүрүлгөн 10 миң теңге банкнотасынын бет ачары өткөрүлдү.
Жер ортолук деңизде орусиялык МиГ-29 согуштук учагы кыйрады
Орусиялык МиГ-29 согуштук учагы Жер ортолук деңизде «Адмирал Кузнецов» кемесине конуу маалында кыйраган.
Ишкерлик субъектилерди каттоо күнү-түнү онлайн режимде жүргүзүлөт
2017-жылдын 1-апрелинен тарта Өзбекстанда ишкерлик субъектилерди каттоо күнү-түнү онлайн режимде жүргүзүлө баштайт.
Интернет эркиндиги начарлады
Дүйнөдө алтынчы жылы катары менен интернет эркиндиги начарлап барат.
10 миң теңге Назарбаевдин сүрөтү менен чыгат
10 миң теңге Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен чыгарылары туурасында Казакстандын Улуттук Банкынын жетекчиси Данияр Акишев билдирген.
Аткаминерлердин балдары чет жакта окубай калабы?
Орусияда аткаминерлердин балдары жаңы жылдан тарта чет өлкөдө билим албай калышы мүмкүн.
Орусияда өсүрүмдөр полицияга ок чыгарып, өз өмүрлөрүн кыйышты
Он беш жаштагы кыз менен бала полициячыларга карата ок чыгарышты.
Тажикстанда Рогун ГЭСинин 335 метрлик дамбасын куруу башталды
ГЭСтин тосмосунун бийиктиги дүйнөдө эң бийик эсептелген Кытайдагы “Цзиньпин-1” ГЭСининен 30 метрге бийиктик кылат.
Режеп Эрдоган: “Мартин, сен өзүң деги кимсиң?"
Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц Түркияда оппозициялык көз караштагы саясатчылар менен журналисттердин камакка алынып жатышына байланыштуу ЕС Анкарага каршы санкцияларды киргизиши мүмкүн деп айтты.
Болгария жаңы президенттүү болду
Кесиби аскердик учкуч, наамы генерал майор Румен Радев 13-ноябрда Болгариянын президенти болуп шайланды.
Чернобыль станциясы калкан менен капталууда
Дүйнөдөгү эң чоң атомдук кырсыкка учураган Украинадагы Чернобыль атомдук станциясы болот калкан менен капталууда.
Мароккодо экологдор жүрүш жасашты
Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча конференция Марокконун Маракеш шаарында өтүүдө.
Манжа изиңди тапшырбасаң айып пул төлөйсүң
Казакстан төрт жылдан кийин жарандар үчүн дактилоскопиялык жана геномдук каттоодон өткөрүү тартибин киргизүүнү пландоодо.
Илимпоздор карылар алжыбаш үчүн эмне кылуу керектигин иликтешти
Австралиялык илимпоздор карып калган адамдар алжыбаш үчүн көп убакыт компьютердик оюндарда ойноп, тесттерди толтурса жакшы натыйжа берерин айтышты.
Тегеранда мектептер жабылды
14-ноябрда Ирандын борбору Тегеранда мектептер менен балдар бакчалары иштөөсүн токтотту.
АКШда шайлоонун жыйынтыгынан кийин алтындын баасы жогорулады
Америкадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам дүйнөлүк биржаларда акциялар жана мунай баасы арзандап, доллар түшүп, бирок алтын баасы көтөрүлүүдө.
АКШ Тажикстанга да теракт коркунучу боюнча билдирүү жасады
АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандагы теракт коркунучу жөнүндө америкалыктарды эскертип, кыраакы болууга жана коомдук транспорт менен жүрбөөгө чакырды.
Өзбекстан тиричилик техникаларын Украинага экспорттой баштады
Бул туурасында Киевдеги өзбек элчилигине шилтеме кылуу менен жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.
Бүгүн илим күнү белгиленет
Бүгүн Кыргызстанда илим күнү.