Ракты жеңем деп өзүн тоңдурууга уруксат алды
Рактын сейрек түрү менен ооруган британдык он төрт жаштагы мектеп окуучусу өзүнүн өлүмүнүн алдында денесин тоңдуруп коюу боюнча атасына каршы сотту утуп алды,-деп жазат BBC кыргыз кызматы.
18-ноябрда көгүчкөндөрдүн кат ташуу каттамы ачылган
1870-жылы 18-ноябрда, биринчи жолу Францияда немистер Парижди курчоого алган учурда көгүчкөндөрдүн расмий кат ташуу каттамы ачылган.
Изилдөө: Тажикстан террористтик коркунуч алдында кыйла алсызыраак
Тажикстан аймактагы өлкөлөр арасында террористтик коркунуч алдында кыйла алсызыраак.
“ИМ” согушкерлер тобу полиция кызматкерлерин өлүм жазасына тартты
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери полициянын 300дөн ашуун кызматкерин Мосулдун жанында өлтүрүп, андан соң көөмп салышкан.
Жер Ортолук деңизинде мигранттар каза тапты
Жер Ортолук деңизи менен Европага кетип бара жаткан мигранттардын кемеси кырсыкка учурап жети адам каза таап, 100 адам жоголууда.
Германия ооган качкындарын өз мекенине кайтарат
Германия 12 миңден ашык ооган качкындарын өз мекенине кайтарууну пландаштырууда.
17-ноябрь күнү Египетте туристтер террорчулардан каза тапкан
1997-жылы 17-ноябрда эртең менен 58 адамдан турган туристтердин тобу Хатшепсут ибадатканасына барышкан.
Билл Гейтс тарыхтагы эң бай адам
Microsoft корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири Билл Гейтс жана анын жубайы Мелинда Гейтс Америка Кошмо Штаттарынын эң жогорку жарандык сыйлыгы – президенттик Эркиндик медалы менен сыйланышат.
Террористтер тууралуу маалымат үчүн Казакстан акча төлөйт
“Терроризм актысына бөгөт коюуга жана алдын алууга жардам берген маалымат үчүн сый акы белгилөө жана чегерип берүү тартиби жөнүндө” Казакстан өкмөтү токтомду кабыл алгандыгы кабарланууда.
Далай ламанын тогузунчу сапары
Эртең, 18-ноябрда Далай лама Монголияга иш сапар менен келет жана ал монгол жергесинде 22-ноябрга чейин болот.
Ташкент жашылча-жемиш сатуунун жолдорун тапты
Ташкентте жашылча-жемиш жарманкеси өз ишин аяктады жана ал “Өзбекагроэкспорт” компаниясы үчүн абдан пайдалуу болду – жашылча-жемиш экспорттоо боюнча 1 млрд долларга 355 келишим түзүлдү.
Пянж башкарууну талап кылат
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы аркылуу аккан Пянж дарыясынын жалпы узундугу 921 миң чакырымды түзөт.
Ирандан жарылуучу зат табылды
Иран өлкөсүнүн аймагынан 2 тоннага жакын жарылуучу заттар табылды.
Ген терапиясы адамда алгачкы жолу колдонулду
Кытайдын биологдору адамдын өпкө рагын дарылоодо CRISP/Cas9 генин колдонуп, байтаптын иммундук клеткасын кайра программага келтирген.
Астанада мектептер жабылды
Астана шаарында суукка байланыштуу мектептердеги окуу убактылуу токтотулганын Астананын мэриясы кабарлады.
Депутаттар айып пул төлөшөт
Орусиянын Мамлекеттик думасы шаршембиде парламенттин төмөнкү палатасынын регламентине киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алып, жыйынга катышпаган депутаттар акчалай айыппул төлөйт деген чечим чыгарышты.
Боб Дилан сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаты Боб Дилан 10-декабрда өтө турган сыйлык тапшыруу аземине катышпай тургандыгын Швеция академиясы билдирди.
Карскиден келген ызгаар Казакстанды каптады
Казгидрометтин синоптиктеринин божомолунда Казакстандын борбордук жана чыгыш аймактарында 40 градуска жеткен суук күтүлүүдө.
Тажикстандын тышкы карызы коркунучтуу чекке жетти
Тажикстандын финансы министри Абдусалом Курбонжондун айтымына караганда, өлкө жакынкы 3 жылда эл аралык финансы уюмдарынын 1 млрд долларга жакын кредит алууга ниеттенүүдө.
Крым боюнча Өзбекстан Орусияны колдойт
Крым маселеси боюнча Өзбекстан Орусияны колдойт.
Ильхамды интернет аркылуу мазактайм десең...
Азербайжанда интернет аркылуу Өлкө президентин мазактоого же анын ар намысына шек келтирүүгө аракеттенгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Гүлен мектебинин мугалимдери Пакистандан чыгарылат
Пакистан бийликтери Фетхуллах Гүлендин өлкөдө иштеп жаткан 23 мектебинин 180 мугалимин 20-ноябрга чейин Пакистандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылды.
Америкада адамдын денесин чириткен оору пайда болду
Америкада адамдын денесин чиритип жибере турган зомби оорусу катталды.
Бурунди өлкөсүндө 600 миңдей адам ачкачылыкта жашайт
Африканын Бурунди өлкөсүндө ачкачылыкта жашап жаткан адамдардын саны 600 миңге жетти.
Жер ортолук деңизинде качкындар дайынсыз жоголду
Дүйшөмбүдө Ливиянын жээгине жакын аралыкта кеменин кыйроосунан улам ондогон качкындар дайынсыз жоголгон.