Монголдорго коронавирус жукпайбы?
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча комиссиянын жетектеп жаткан кытайлык академик Чжун Наньшань социалдык тармактардагы өз баракчасына “монголдор койдун, уйдун накта жаңы этин жана таза сүт азыктарын керектешет, ошондуктан аларга коронавирус жукпай жатат.
Өзбекстандын калкынын саны 34 миллиондон ашты
2020-жылдын 18-февралына карата Өзбекстандын калкынын саны 34 миллион 2 миң 410 адамды түздү деп маалымдады Мамлекетик статистика комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Усмон Абдурасулов.
Тажиктердин “Эсхат банкын” немец банкири башкарат
“Эсхат Банкы” ААКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү германиялык Райнер Мюллер-Ханке аталган банктын Башкармалыгынын төрөгалыгына шайланды.
Мирзиёев Түркияга жөнөп кетти
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мурда маалымдалгандай бүгүн, 19-февралда расмий сапар менен Түркияга жөнөп кетти.
Премьер Мишустин кытайлыктардын Россияга кирүүсүнө тыюу салды
Премьер-министр Михаил Мишустин кытай жарандарынын 20-февралдан тарта Россияга кирүүсүнө тыюу салды деп маалымдады РИА “Новости”.
Ташкенттеги “Чорсу” мейманканасын араб компаниясы сатып алды
Өзбекстандын борбору Ташкенттин эски бөлүгүндөгү “Чорсу” мейманканасы 17-февралда арабиялык Ittihad International Investment LLC компаниясына $ 18,0 миллионго сатылды.
Сурков Кремлден баш тартты
Россиянын президенти Владимир Путин өзүнүн жардамчысы Владислав Сурковду кызматынан бошотту.
“Труд” гезити 99 жашта
Советтик жана россиялык жумалык газетанын алгачкы саны 1921-жылы 19-февралда Москвада жарык көргөн.
"Diamond Princess" лайнеринде алгачкы жүргүнчүлөр жээкке чыгарылды
Лайнердин бортундагы эки жумалык карантинден кийин алгачкы 500 киши Япониянын Иокогама шаарындагы портко түшүрүлдү.
Японидагы кыргыз жаранынан коронавирус аныктала элек
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыкка кошуна каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталгандыктан Кыргызстандын жараны да вирусту жуктурушу мүмкүн деген шек жаралган.
Коронавирустан каза тапкандардын саны 2000ден ашты
19-февралга карата Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын берген маалыматына караганда, коронавирустан жабыркагандардын саны 75 миң 198 болсо, каза болгондор 2009га жетти.
Безостун берешендиги
Amazon компаниясын негиздөөчүсү жана кожоюну Джефф Безос климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүгө $10 млрд бөлөт.
Мирзиёев Түркияга барат
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-20-февралда президент Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Түркияга барат деп маалымдады мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Коронавирус башкы врачтан да коркпойт
Кытайдын Ухан шаарындагы “Учан” госпиталынын 51 жаштагы башкы врачы Лю Чжимин коронавирустун айынан каза тапкандыгын Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсү маалымдады деп РИА Новости билдирди.
UzAuto Motors автомобилдерин Chevrolet бренди менен экспортко чыгарат
2020-жылдын орто ченинде Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө Ravon бренди алдында автомобилдерди сатуу токтотулат.
Сердар Бердымухамедов Казанда
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу, өлкөнүн өнөр жай жана курулуш өндүрүшү министри Сердар Бердымухамедов 17-февралда эки күндүк иш сапар менен Татарстандын борбору Казанга келди.
Өзбекстандын түштүгүндө мисте гүл ачты
Өзбекстанда быйылкы кыш адаттагыдан жылуу болду.
Коронавирус “Аэрофлотко” да жетти
Кытайга аба каттамдарын аткарып жаткан россиялык жалгыз авиакомпания суроо-талаптардын азайып жаткандыгына байланыштуу Москвадан Пекинге жана Шанхайга учууларды экиден бир жолкуга чейин азайта турган болду.
Россия КЭДРга 12 асыл тукум аргымакты $75,5 миңге сатты
2019-жылдын октябрь айында Түндүк Корея 75 510 долларга 12 баш ашыл тукум жылкы сатып алгандыгын NK News басылмасы маалымдады.
Япониядагы лайнерде коронавирусту жуктурган кыргызстандык бар
Princess Cruises компаниясынын маалыматына ылайык Diamond Princess кемесинде 67 адам COVID-19, коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алганы аныкталган.
Россияда коронавирус илдетине кабылган адамды туураган жаран кармалды
Москва шаарындагы метродо коронавирус илдетине кабылган адамды туураган Тажикстандын жараны Кароматулло Джаборов бейбаштык кылды делип кармалды.
Дубайдын жаңы ачылышы
Дубай шаарында 3D басма ыкмасы менен дүйнөдөгү эң чоң имарат курулду деп маалымдады “Жэньмин Жибао” басылмасы.
“Beeline-Өзбекстан” жыл ичинде бир миллион абонентинен ажырады
“Beeline-Өзбекстан” мобилдүү операторунун абоненттеринин саны 2019-жылдын төртүнчү кварталында 8,1 миллион адамды түздү - бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7%га аз - 2018-жылы абоненттердин саны 9,1 миллионго жеткен.
Кытай Түркмөнстандан 1 млн даана медициналык беткап сатып алды
Кытай 200 миң долларга Түркмөнстандан 1 млн даана медициналык беткап сатып алды деп маалымдады Turkmenistan.ru. Үч катмарлуу бет каптар Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык өнөр жай министрлигинин ишканаларнда өндүрүлгөн деп айтылат маалыматта.
Экс-президент Элбогдоржко эл аралык издөө жарыяланды
Монголиянын Корруцияга каршы кызматы өлкөнүн экс-президенти Цахиагийн Элбэгдорждун кайда жашынганын аныктап берүү өтүнүчү менен Интерполго кайрылды.