Дүйнөдө акыралар (жираф) азайып баратат
Жер бетинде соңку 30 жыл ичинде акыралар (жираф) саны дээрлик 40% чейин азайган.
Кумурскалар да дыйкан болушат
Дыйканчылык менен алектенген кумурскалар Тынч океандын Фиджи аралдарынан табылды.
Мичиган соту добуштарды кайра эсептөөлөрдү токтотту
Мичигиндагы федералдык апелляциялык сот Мичиган штатындагы АКШ президентин шайлоолордогу добуштарды кайра эсептөө жөнүндөгү чечимин жокко чыгарды.
Ташкентти суу каптады
Ташкентти суу каптагандыгы тууралуу Өзбекстан маалымат агенттиги кабарлады.
Коло дооруна таандык эки адамдын сөөгү табылды
Тажик археологдору орусиялык антропологдор менен биргеликте Ооганстан менен чектешкен Фархор районунун аймагынан эки адамдын сөөгүн табышты.
Допинг чыры басылчудай эмес
Эл аралык Олимпиадалык комитети допинг чырына байланыштуу Орусияга каршы 19-июлда киргизген санкцияларын белгисиз мөөнөткө узартты.
Трамп өзүнүн өтмө командасынын мүчөсүн иштен бошотту
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Томас Флинндин уулу, өзүнүн өтмө командасынын кызматкери Майкл Джи Флиннди ишинен бошотту.
Пакистанда учак кыйрады
Пакистанда учак кыйрап, 47 адам каза тапты.
Түркияда тендерлер түрк лирасы менен гана жүргүзүлөт
“Анадолу” билдиргендей, улуттук валютаны колдонуунун артыкчылыктуулугуна ылайык мындан ары өлкөдөгү тендердик операциялар бир гана түрк лирасы менен гана жүргүзүлөт, деп маалымдады Түркиянын менчиктештирүү боюнча Администрациясы.
Ашхабадда эл аралык мунайгаз форуму ачылды
Кечээ Ашхабадда “Түркмөнстандын мунай жана газы - 2016” эл аралык мунайгаз көргөзмөсү жана конференциясы ачылды.
Түркмөнстан Каспийде жарым ай түрүндөгү жасалма арал түзөт
Каспийдин Түркмөнбашы булуңунда жарым ай түрүндөгү жасалма арал жасалууда, деп маалымдайт маммаалымат агенттиги.
Дорис Лойтхард 2017-жылга Швейцариянын президенти болуп шайланды
2017-жылга Швейцариянын президенти болуп центристтик демократиялык-христиандык партиянын өкүлү Дорис Лойтхард шайланды.
Обама эс алууга 85 млн доллар короткон
АКШ президенти Барак Обама жети жыл ичинде эс алуу жана саякаттоого 85 миллион доллар сарптаган.
Жаңы жылга карата Түркмөнстанда азык-түлүк баалары кымбаттай баштады
Ашхабаддын базарларында момпосуй, кондитер азыктары,жаңгак жана мистенин баасы эки эсе өстү деп билдирет “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы.
Мигранттар манжа издерин тапшырышат
Орусиянын Ички иштер министрлиги 2017-жылы Орусияга кирген чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө манжа издерин тапшыруу процедурасынан өтүшү керектигин жарыялады.
Эл аралык Кызыл Крест комитети Донбасска 190 тонна гумжардам жөнөттү
Эл аралык Кызыл Крест комитети Донбасска 190 тонна гумжардам жөнөттү
Сирийлык аскерлер Алепподогу бүткүл Эски шаарды бошотту
Сириялык өкмөттүк армия Эски Алеппонун бүткүл борбордук райондорун өз көзөмөлүнө алды, деп билдирди бүгүн арабиялык жалпыга маалымдоо каражаттары.
Таиланд жаңы король жөнүндө "Би-би-сиге" чыккан макала боюнча тергөө ишин баштады
Таиланддын бийликтери жаңы король Махе Вачирапонгкорне тууралуу “Би-Би-Си” телекорпорациясынын жергиликтүү бюросу тарабынан жарыяланган макалага байланыштуу тергөө ишин баштагандыгын Assosiated PressТаиланддын коргоо министри Правита Вонгсуванага таянуу менен билдирген.
Спорттук травма алган Кадыровго операция жасалды
Чечнянын башчысы Рамзан Кадыров рингде алган жаракаттан улам ага операция жасалды.
Суматра бүгүн зилзаладан ойгонду
Бүгүн, 7-декабрда таң эрте Индонезиянын Суматра аралынын түндүк тарабында 6,5 баллдык жер титирөө болду.
Өзбекстан кучагын ачууда
2017-жылдын 1-апрелинен тарта дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген туристтер, ошондой эле 12 өлкөнүн 55 жаштан жогорку курактагы жарандары Өзбекстандын аймагына визасыз кире алышат.
Казакстанда атайын операция жүрүп жатат
Актөбөдө атайын операция жүрүп жатканын Sputnik Казакстан маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаевге шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Америкалык Forbes журналы тарыхта эң көп акча тапкан спортчулардын тизмесин жарыялады
Журналдын версиясы боюнча тизменин башында спорттук карьерасында 1,7 млрд доллар иштеп тапкан баскетболчу Майкл Джордан турат.
Тажикстанда калктын 31%ы кедейлер
Тажик бийликтери жакынкы 14 жыл арагында өлкөдө жакырчылыктын деңгээлин эки эсеге азайтууга ниеттенүүдө.
Каспий деңизиндеги Түркмөнбашы булуңунда жарым ай түрүндөгү жасалма арал пайда болот
Учурда түркмөнстандык жана чет өлкөлүк жаратылышты коргоо мекемелеринин адистери жасалма аралдын платформасына экологиялык мониторинг жүргүзүүдө.