Хосни Мубарак дүйнөдөн кайтты
Кечээ, 25-февралда Каирде Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Түштүк Кореяда коронавируска 1146 адам кабылды
Түштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 146 адамга жетти.
Дүйнө жүзү коронавируска каршы даярданып жатат
Кытайдан башка отуздан ашуун өлкөдө өпкөнү сезгенткен оору катталды.
Коронавирустан каза тапкандардын саны 2715ке жетти
Оорудан 29 700 киши айыкканы кабарланууда.
Ажыга баруунун баасы кымбаттады
Ажылыктын баасы 3 миң 350 доллар болот.
ВОЗ пандемияга даяр болгула деп эскертти
Дүйнөлүк коомчулук коронавирустун пандемиясына даяр болушу зарыл деп эскертти Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) башкы катчысы Тедрос Адхан.
Баттулганын буйругу буйрук эмес
24-февралда Монголияда буддалардын Цаган Сар – жаз же ай-күн эсеби боюнча Жаңы жыл майрамы белгиленди.
Трамптын белектери канча турат?
The New York Times басылмасы америкалык президент Дональд Трамптын 2018-жылы чет өлкөлүк лидерлерден алган белектеринин тизмесин жарыялады, алардын жалпы наркы 88 420 долларды түздү.
Америкалык индекстер да минимумга чейин ылдыйлады
Кытайда коронавирус ылдамдык менен тарап жаткандыгына байланыштуу америкалык биржалык индекстер төмөн түштү.
Өзбек министринин кеңешчилигине Түркиянын жараны дайындалды
Түркиялык адис Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Алишер Шодмоновдун кеңешчиси болуп дайындалды.
Дүйнө байлары бир күндө 139 млрд доллардан кол жуушту
Коронавирус дүйнөлүк экономикага сокку урат деген фондулук рыноктордогу кооптонуулардан улам, 24-февралда дүйнөнүн эң бай адамдары 139 миллиард доллардан кол жуушкандыгын РИА “Новости” билдирди.
Акыркы маршал
Бүгүн, 25-февралда Советтер Союзунун маршалы Дмитрий Язов оор жана узакка созулган оорудан кийин 96 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгын РИА “Новости” маалымдады.
КПССтин эң соңку XXVII съезди
1986-жылы 25-февралда Москвада КПССтин 27-съезди башталган.
Кытай жарандарын жаныбарлардын этин жеген адатын арылтууну чечти
Кытай бийлиги жарандарынын жапайы жаныбарлардын этин жегенин токтотууну көздөөдө.
25-февралга карата 72 миң 949 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды
Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
Францияда короновирус менен ооругандардын баары айыгышты
Бул тууралуу аты аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Оливье Веран билдирди.
Кыргызстанда 143 адам карантинге алынды
Кыргызстанда стационардык шартта 143 киши, ал эми жашаган жери боюнча 391 адам медициналык көзөмөлдө.
Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылат
Кыргызстандын улуттук мыйзамдары Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына жооп бербейт деген оюн Казакстандын соода жана интеграция министри Жанель Кушукова билдирген.
Планетадагы эң кары адам каза болду
23-февралда ланетадагы эң кары адам, япониялык Ватанабэ Титэцу 112 жаш курагында көз жумду.
Түштүк Кореяда онлайн-дүкөндөргө суроо-талап күчөдү
Кей-би-эс телеканалынын маалыматына ылайык, жарандар дүкөндөргө баруудан качып, жапырт интернет дүкөндөрдүн кызматынан пайдаланууга өтүштү.
Коронавирусту 80 миңден ашык адам жуктуруп алды
Кытайда өпкөнү сезгентчү илдетке кабылгандардын саны 77,7 миңден ашты. Ал эми 2663 киши көз жумду.
Вирустан улам дүйнөлүк экономика жабыркоодо
Эл аралык валюта фонду 2020-жылга карата экономикалык өсүштү 0,1% чейин түшүрдү.
Япония кыргызстандыктарга жумуш берет
Миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борбору Япониянын Relationship CO., Ltd компаниясы менен кыргызстандыктарга жумуш берүү боюнча келишим түздү.
Камералар кылмышкерди басыгынан да ажыратып билет
Россиянын укук коргоо органдары кылмышкерлерди өңүнөн гана эмес, үнү жана басыгы боюнча аныктай ала турган видеокамералардын жардамы менен издей баштайт деп билдирди РБК.
Түркмөнстанда экс-президенттер өмүрү өткөнчө парламенттин жогорку палатасына мүчө болушат
Түркмөнстанда конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, экс-президенттер парламенттин жогорку палатасы – Халк Маслахатына (Улуттук кеңеш) өмүрү өткөнчө мүчө болушат.