Самаркандда «Реал Мадрид» клубунун академиясы ачылат
Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн эл аралык инвестициялык форумдагы («Invest in Samarkand») макулдашууга ылайык Испаниянын атактуу «Реал Мадрид» клубу Самаркандда өзүнүн футболдук академиясын ачмай болду.
Россиянын жарандыгын алгандар көбөйүүдө
Россиялык «Известия» басылмасы быйылкы жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында мурдагы союздук республикалардын (КМШ) жарандарынын ичинен канча киши Россиянын жарандыгын алгандыгын жазып чыкты.
Лондондун мэриясы Uber компаниясынын лицензиясын узартуудан баш тартты
Transport for London шаардык регулятору 25-ноябрда Лондондо иштөө үчүн Uber компаниясына берилген лицензия узартылбайт деп билдиргендигин BBC маалымдады.
Кытайда 3D принтердин жардамы менен эки кабаттуу имаратты басып чыгарышты
Кытайдын Гуандун провинциясындагы курулуш базасында China State Construction Engineering Corporation (CSCEC) компаниясы 3D принтерде дүйнөдөгү биринчи эки кабаттуу кеңсенин имаратын басып чыгарды деп маалымдады Жэньмин Жибао гезити.
Марат Тажин Казакстандын Чехиядагы элчиси болуп дайындалды
Марат Тажин мурда Президенттик Аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, Коопсуздук комитетинин төрагасы, тышкы иштер министри сыяктуу бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген.
Дрезденде зергер буюмдар музейи тонолду
Кечээ, дүйшөмбүнүн таңында уурулар Германиянын Дрезден шаарындагы Grunes Gewolbe музейинен 1 миллиард евролук бриллиант жасалгаларды уурдап кетишти.
Улуу Британияда 5 килограммдык гигант монета жасалды
Улуу Британиянын Королдук монета сарайында жасалган гиганттык монета формасы боюнча тарелканы элестетет.
Голливудда мачете менен куралданган каракчы өлтүрүлдү
Кечээ, 26-ноябрда Голливудда дүкөн тоногон каракчы Лос –Анджелестин полициясы тарабынан атып өлтүрүлгөндүгүн ТАСС агенттиги маалымдады.
Москвадагы кыргыздар менен өзбектердин чырынын себеби аныкталды
Москвадагы Ефремов көчөсүндөгү калайман мушташ кокусунан катталган эмес.
Ата-эненин чылым чегүү, ичимдик ичүү сыяктуу жаман адаттары балага өтөт экен
Мындай жыйынтыкты Гарвард университетинин медициналык мектебинин окумуштуулары айтып чыгышты,-деп жазды Daily Mail басылмасы. Бул тууралуу маалымат Спутник порталына жарыяланды.
Россиялык банктар накталай еврону ташып келүүнү көбөйтүүдө
Россиялык банктар өлкөгө накталай еврону ташып келүүнү чукулунан көбөйтө баштагандыгы Борбордук банктын маалыматтарында айтылат.
Иранда өкмөткө каршы демонстарациялардын 180 катышуучусу камакка алынды
Бул тууралуу ИРНА мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Түркмөнстанда милиция кызматкерлери арыктоого милдеттендирилди
Түркмөнстанда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аттестациядан өткөрүлүүдө.
Өзбекстанда көп аял алгандар жоопко тартылат
Бухара облусунун Гиждуван районунун тургуну эки аял менен жашап жаткандыгы үчүн сот жообуна тартылды.
Дубайда ачылган түркмөн консулдугун Бердымухамедовдун күйөө баласы жетектей баштады
23-ноябрда Дубайда Түркмөнстандын консулдугу ачылды деп билдирди “Хроники Туркменистана” басылмасы.
Ирак бийликтери нааразылык акцияларынын жүрүшүндө 111 адам мерт болгондугун билдирди
Бул бийлик тарабынан ачык айтылган биринчи расмий сандар деп маалымдады 25-ноябрда “Коммерсантъ” басылмасы.
Боливиянын парламенти президенттик жаңы шайлоолор жөнүндө мыйзам кабыл алды
Боливия парламенти өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө мыйзамды жактырды.
Тажикстанда ай сайын 1 миң үй-бүлө бузулат
Тажикстанда үчүнчү тараптын кийлигишүүсүнөн, үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен жана турмуш шарттын начардыгынан, жубайлардын узак убакыт көрүшпөгөндүгүнөн улам күнүнө 34 үй-бүлө, айына 1 миң үй-бүлө бузулат деп билдирди Озоди радиосу.
Өзбекстанда күзөт аскерлеринин кол башчысы камакка алынды
Өзбекстанда Ички иштер министрлигинин күзөт аскерлеринин мурдагы кол башчысы Дмитрий Пан камакка алынгандыгын республиканын башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады.
Майкл Блумберг президенттик жарышка аттанды
Нью-Йорк шаарынын экс-мэри Майкл Блумберг 2020-жылы өтүүчү АКШдагы президенттик шайлоого Демократиялык партиянын талапкери катары катышат.
Арыктоо үчүн ичилүүчү таблеткалар тамак сиңирүү органдарынын ишин бузат
Мындай макала American Journal of Public Health журналына чыкты.
Күзгүгө аз карангыла!
АКШдагы Флорида университетинин окумуштуулары адам өзүнүн келбетине, тулку боюна болгон нааразычылыгын күзгүгө аз карануу менен жеңе алат деп айтышыптыр.
Азербайжанда Жан-Клод Ван Даммдын эстелиги ачылды
Азербайжандын борбору Баку шаарынан 213 чакырым алыста жайгашкан Габала районундагы Вандам айылында америкалык актер жана чыгыш таймаш өнөрүнүн чебери Жан-Клод Ван Даммдын эстелиги ачылды.
Иран Казакстандан жума сайын 60 тоннадан эт алууда
Эки өлкөнүн байланышы мындан 1,5 жыл мурда башталган.
Азербайжан: Элдин санын арттырган эгиздер
Азербайжан Республикасынын статистикалык комитети быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында 104 миң 702 бала жарык дүйнөгө келгенин кабарлоо менен каттоого алгандыгын билдирди.