“Ералаш” ээсинен ажырады
Балдар белгилүү “Ералаш” юмористтик журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачев 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Норвегияда Pfizer вакцинасы менен эмделген 23 адам каза тапты
Бул туурасында Норвегиянын дары каражаттары боюнча агенттиги маалымдады.
60 градустук аяз
Якутиянын жашоочулары акыркы он жылдан берки ызгаардуу аязды баштарынан кечирүүдө.
Нурлан Нигматулин кайрадан спикерликке шайланды
Бүгүн, 15-январда Казакстандын жетинчи чакырылыштагы жаңыдан шайланган Мажилиси өзүнүн алгачкы жыйынын өткөрүп жатат.
Сулавеси аралындагы жер титирөө бир нече адамдын өмүрүн алды
Бүгүн, 15-январда Индонезиянын Сулавеси аралындагы жер титирөөдөн 34 адам каза болуп, 600гө жакын адам жаракат алышты, - деп билдирди AFP агенттиги.
Түштүк Корея COVID-19 мобилдик тиркемесин иштеп чыгат
Түштүк Корея COVID-19 илдетин жуктургандар менен өз ара байланышты көзөмөлдөөчү My-T мобилдик тиркемесин иштеп чыгууда.
Кетээрдеги импичмент
АКШ Конгресси бийликтен кетээрине бир жума убакыт калган президент Дональд Трампка импичмент жарыялады.
Москвалык окуучулар демейдеги режимде окуй баштайт
18-январдан тарта 1-класстан 11-класстын окуучуларына чейин демейдеги режимде окуй башташат деп билдирди Москва шаарынын мэри Сергей Собянин өзүнүн блогунда.
Росздравнадзор менчик клиникаларда Pfizer вакцинасын колдонууга тыюу салды
Россияда бир дага менчик бейтапкана COVID-19га каршы Pfizer вакцинасын колдоно албайт деп билдирди Росздравнадзор.
Пак Кын Хенин тагдырына чекит коюлду
Корея Республикасынын Жогорку соту бүгүн, 14-январда өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хени 20 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүмдү күчүндө калтырды.
Казакстан тарыхы көз ирмемде
Казакстанда 10-январда өткөн парламенттик шайлоого көз салуу жана аны чагылдуруу үчүн келген эл аралык байкоочулар менен чет элдик журналисттер үчүн ара-чолодо Нур-Султан калаасынын музейлерине, театрларына жана башка кооз жайларына экскурсиялар уюштурулуп, алар аз болсо да Казакстандын тарых-таржымалы, жетишкендиктери менен таанышууга мүмкүндүк алышты
Түркияда WhatsAppтын колдонуучулары азайды
Түркия лидеринин администрациясы WhatsApp мессенджеринен баш тарткандан кийин Эрдоган Telegram жана BIP каналдарын ачканын жарыялаган.
Кытайда COVID-19 жаңы штаммдарынын жугуштуулугу ылдамдыгы жогорулаганы жарыяланды
Коронавирустук мутацияларга жүргүзүлгөн акыркы алдын-ала изилдөөлөр алардын жугуштуулугу жогорулагандыгын көрсөтүп турат.
АКШ Россиянын “Түндүк агым-2” түтүгүндө иштеп жаткан европалык фирмаларды санкциялар менен коркутуп жатат
АКШнын Президенти Дональд Трамптын кызматтан кетип жаткан администрациясы Россия менен Германияны туташтыруучу “Түндүк агым-2” каршы акыркы санцияларды даярдап жатканы кабарланууда.
Коронавирус: БДСУ вирустун мутацияларына байланыштуу чукул кырдаал комитеттин жыйынын өткөрөт
14-январда мөөнөтүнөн 2 жумага мурда коронавирустун жугуштуу мутацияларын талкулоо үчүн комитеттин жыйыны болот.
YouTube Түндүк Кореянын каналдарын жабат
YouTubeдагы Түндүк Кореянын жашоосун чагылдырган "Echo of Truth" каналы, Googleдун тейлөө шарттарын бузгандыгы үчүн, өткөн жылдын декабрь айында жабылган.
АКШда Трамптын “капчыгы” Шелдон Адельсон дүйнөдөн кайтты
Las Vegas Sands компаниясынын негиздөөчүсү, Лас-Вегаста жана Макаодогу казинолордун ээси Шелдон Адельсон 87 жаш курагында АКШда дүйнөдөн кайтты.
Пекин Джек Манын бизнес империясына кысымды күчөтүүдө
Кытайдын бийликтери Alibaba Group интернет-гигантынын негиздөөчүсү, Кытайдын эң бай адамы Джек Манын империясына кысымды күчөтүп, өткөн жылдын аягында ага карата башталган антимонополиялык иликтөөлөрдү кеңейтти.
Капитолийди басып алууга катышкандардын айрымдары 20 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн
АКШнын федералдык прокурорунун милдетин аткаруучу Майкл Шервиндин билдирүүсүнө караганда, Капитолийди басып алууга катышкандардын айрымдары 20 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.
Коронавирустан жапырт иммунитет пайда болушу үчүн дүйнө калкынын 70-80% эмделиши керек
Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун илимий адиси Сумья Сваминтан 11-январда билдирди.
АКШнын Германия менен Франциянын товарларына карата киргизилген айып алымдары күчүнө кирет
Airbus концернине субсидия берүүдөн келип чыккан чыр-чатактан улам, Вашингтон Германия менен Франциядан импорттолгон учактын тетиктери, шарап жана бренди ичимдиктери үчүн бажы алымдарын көтөрдү.
Европа биримдиги Иранды өзөктүк келишимге кайтууга үндөдү
Европа биримдиги Иран уранды 20%га байыта баштаганына тынчсызданып жаткандыгын Европа биримдигинин тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Хоссел Боррель айтып чыкты.
2021-жылы сутка узактыгы кыйла кыска болот
2021-жылы Жер акыркы 50 жылдан бери алгачкы жолу болуп көрбөгөндөй тездик менен айлана баштады деп Телеграф гезитине Улуу Британиянын Улуттук физикалык лабораториясынын улук илимий кызматкери Питер Уиберли маалымдагандыгы белгилүү болду.
Аман калууга үмүтү аз бейтаптарды тез жардам кызматы албайт
Америкалык Лос-Анджелес округунун тез жардам бригадалары аман калууга үмүтү аз бейтаптарды ооруканаларга алып кетпейт.
Пашинян жана пандемия
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коомчулуктан өзүн окчун кармоону чечти, ошондуктан ал жаңы жылдык диний ырым-жырымдарга катышкан жок деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз катчысы Мане Геворкян.