Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Өзбекстан курама командасы өзүнүн алгачкы оюнун жеңиш менен жыйынтыктады.

ДКО-III
03 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
268

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештердин тайпалык баскычында Өзбекстан курама командасы өзүнүн алгачкы оюнун жеңиш менен жыйынтыктады. Тактап айтсак, Өзбекстан-Башкортостан беттешинде өзбекстандык көк бөрүчүлөр атаандашынын тай казанына 20 улак таштап, ири эсепте жеңишке жетти. Ал эми башкортостандык спортчулар 1 гана улак менен жооп кайтара алышты. Оюн 20:1 эсебинде жыйынтыкталды. Эмки оюнда Өзбек командасы Франция курама командасы менен кез келет. Айта кетсек, буга чейинки оюнда Орусиянын Москва облусунан келген курама команда Ооганстандан келген команданы жеңип, жарым финалга чыккан.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.