Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Ысык-сууктан сактаган элечек кырсыктаса кездеме катары колдонулган

ДКО-III
26 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
350
Көчмөн кыргыз маданиятында  кийим-кечелер  өзгөчө орунду ээлеген. Канчалаган мезгилдер кыргыздар менен коңшу жашаган казак, өзбек, тажик элдеринин ортосунда этно-маданий, соода-сатык байланыштар дайыма болгон. Мындай катнаштардан улам кийимдердин айрым түрлөрүнө өзгөрүүлөр кирген. Салттуу кийимдердин ичинен баш кийимдер жогору бааланып, бир нече түргө бөлүнгөн. Аларды кийүүдө жаш өзгөчөлүгү эске алынып, тиешелүү тартиби да сакталган. Өзгөчө элечек көчмөндүк шартка ылайыкталып, узак мезгилдер бою колдонулган. Элечек  турмуш-тиричиликке гана ылайык болбостон ден-соолукка да пайдалуу. XVIIII кылымдардын аягында, XX кылымдын башында кийилген элечек туурасында этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Назира Момунбаева кеңир айтып берди
Жаш келиндин шөкүлөсү алынып, элечек кийген
Баш кийимдин түзүлүшүндө үрп-адат, каада-салт, ырым-жырымдар катылган. Өз мезгилинде баш кийим секелек же бой жеткен кыз, келин, байбиче, токол же жесир экендигинен кабар берген. Аял заты турмушта ээлеген ордуна жараша кийинген. Элечекти  кыз турмушка чыкканда кийет. Жаңы келин болуп келгенде ата-энеси дайындаган шөкүлөнү кийип келет. Баш кийимди барган үйдүн улуу байбичеси алып, ордуна элечек кийгизген.  Алгач келин болгондо ичке оролгонун колдонуп, улам жаш өткөн сайын анын орому кошулат. Мындай оромдун кошулушунан аялдын жашы канчада экендигин билинген. Кыргыздардын көчмөнчүлүк жана жарым көчмөн турмушу жашоо-шарттарына туура келген кийимдердин түрлөрүн  жаратууга шарт түзгөн. Кийимдердин ичинен элечек көчүп-конуу мезгилинде ысык-сууктан, шамалдан сактап, жолдо кырсыктап калганда кездеме катарында пайдаланып, ар кандай кызматтарды аткарган.
Талаа этнографиялык маалыматтарга караганда кызды турмушка берип жатканда энеси тарабынан да элечек оролгон.  Баш кийимдин оролушуна жараша кайсыл уруудагы келин же байбиче экендигин баамдай алышкан. Ар бир уруу башкалардан айырмаланып туруу үчүн   элечекти ороодо өзгөчөлүктөрдү жараткан.
Оролгон элечек белекке берилген эмес
Кыргыздардын салттуу коомунда элечек бир тартипте ак түстөгү кездемелерден даярдалган. Ошол мезгилдеги соода-сатык жолдору менен келген кездемелердин сапаты жакшы болгон. Алар күнүмдүк турмушта дайыма колдонулса  да көп мезгилге чейин саргайып өз ыраңын жоготкон эмес. Элечек майрамдык аш-тойлорго көркөмдөлүп, көлөмдүү оролгон. Кыргыз энелер дайыма ардактап бийик жерге коюп, баш кийимдин тебеленип кордолушу, башыңдын кордолгону менен барабар деп эсептешкен.   Элечек  ар бир аялга оролгон менен белек катарында колдон-колго өткөн эмес. Көчмөн кыргыз баш кийимге ак өңдү бекер тандашкан эмес. Ак кездемелер кыргыздын жакшылыктарында гана  пайдаланылган. Наристе төрөлгөндө ак кездемеге орогон.
Элечектин эң эле эски сүрөттөрүнөн аймактык өзгөчөлүктөрүн байкоого болот. 
Кыргызстандын түндүгү “элечек, илеки”, түштүктүн Алай аймагы  “келек” дешет.  Элечектин  алгачкы түрү эчкинин тыбытынан даярдалган кездемеден оролгон. Бул түрү башты жылуу кармоо үчүн суукта кийилген. Негизинен баш кийимди даярдоодо кездеменин сапаты эске алынган.  Ал бир канча оролуп жасалгандыктан кездеменин жеңил, жумшагы керектелген.  Элечекке ак түстөгү ыстамбул, ак сурп  кеңири колдонулган.   Айрыкча колунда бар үй-бүлөнүн келиндери, байбичелери  атайын  чоң көлөмдүүсүн оротушкан. Элечектен келиндердин социалдык абалы таанылган. Мындай элечекке 20-30 метр кездеме керектелет. Даярдоодо аялды олтургузуп, башына кеп такыясын кийгизип, ага ээк алмайын жана арткы чач жапкычын бириктирип тигет. Ээк алмайы  ээгин, моюнун жаап, шамалдан сууктан коргогон. Чач жапкычтын милдети – өрүлгөн чачты таза кармоо. Сыртынан ак кездеме оролгон. Мурда күзгү жокто чоң идишке толтурулган сууга каранып, өздөрү башына элечек оронушкан.  Майрамга кийгендерин эки же үч аял биргеликте даярдашкан. Анткени баш кийим абдан көркөмдүү жасалышы керек. Аны ороо эрежеси артынан алдыга карай башталат. Улам бири орогондо экинчиси кездеменин оромун жазып,  үчүнчүсү ар бир оромду ийнеге өткөрүлгөн жип аркылуу учуксуз тепчийт. Мындан сырткары оромдорду атайын төөнөч менен да  бекитишкен. Мындай ыкма кездеме жанып кетпей, элечектин түзүлүшүн бузулуудан сактайт. Аны орогондон кийин сыртынан жыгымын жасашкан. Аялдын ээлеген ордуна жараша да  төбөсү жана жыгымы айырмаланат.       
Кыргактын жасалышы аялдын социалдык абалын кабарлаган
 Баш кийим салт катарында жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша ылайыкталат. Байбичелердин элечеги көлөмдүү болсо, келиндердики орому аз.  Элечектин сыртынан дайыма кыргак бекилет. Баш кийимди бекемдеген кыргак кооздук буюм катарында тагылган. Жаш келиндердики маңдайы шуруланып, «шуру тартма элечек» деп аталган.
Салттуу кооз буюмдарынын бир түрү - кыргак. Элечек  кыргагы менен көрктүү көрүнгөн. Ал ар кандай ээндикте күмүштөн, кездемеден даярдалат. Күмүш кыргактар көзгө жагымдуу көрүнүп, кооздук асыл-таштары менен бааланган. Түстүү кымбат кездемелерди саймалап кооздошуп, шуру карматып кыргактарды жасашкан. Анын узундугу элечектин көлөмүнө жараша болот. Социалдык абалы жогору турган аялдардыкы кымбат баалуу таштар менен кооздолгон. Мындай өтө кооз кыргак майрамдарда тагылган. Кооздолушуна жараша «алтын кыргак», «күмүш кыргак», «бермет кыргак», «шуру кыргак», «сайма кыргак», «жибек кыргак», «оймо кыргак» деп бөлүнгөн. 
 Аялдар күндөлүк турмушунда  элечексиз сыртка да  чыккан эмес. Дайыма баш кийимди башынан түшүрбөстөн бардык үй тиричилигине керектүү жумуштарын жасашкан. Бир гана уктаар алдында аны алып, ичиндеги кеп такыясы менен жаткан. Мурда кыргыздарда баш кийимге деген урмат-сый күчтүү болгон. Андыкктан аял тарабынан муундан-муунга сакталып  келген. 
Элечектин курамында – “чач  кеп”
Элечектин курамына кирген чач кеп негизинен  Кыргызстандын түштүк аймагында жана Тажикстандын Мургабында, Жергеталында жашаган кыргыздар гана колдонуган.  Анын даярдалышы көп убакытты талап кылып, ар бир кыз-келин өздөрү  үчүн саймаларды ойлоп тапкан. Баш кийим негизинен «кеп такыя», «чач кеп», «баш кеп» аталыштарында кездешип, бир эле баш кийимди түшүндүрөт. 
Ар бир чач кепти даярдаган уз аял өзүнүн ички дүйнөсүндөгү дүйнө таанымын, кыялдануусун сайма аркылуу түшүрө билген. Аларды түшүрүүдө илме шибегелерди пайдаланышып, тегиз түшүрүү үчүн жыгачтан даярдалган кермелерди колдонгон. Баш кийимдеги сайылган саймалар геометриялык, зооморфтук, жаратылыштык мүнөзгө ээ болгон. Чач кептин түрлөрүн  азыркы күндө экспонат катарында тарых музейлеринен кездештиребиз. Ал эми колдон-колго өтүп, сакталгандары чанда гана кездешет.  
Баш кийимдеги тагылган кооздуктарга күмүш тыйындар, седеп топчулар, маржан шурулар жана арбын түрдө майда же чоң көлөмдөгү тоголок баргектер кирет. Чач кепке тагылган кооздуктардын көпчүлүгү чаян түйүмүнөдө жасалган. Мындай түрдөгү жасалгалоо ыкмасы түштүк кыргыздарында кеңири колдонулган.
 Ага түшүрүлгөн сайма ыкмасы «илме», «илме дос», «терс кайык», ал эми  саймалары «карга тырмак», «кочкорек», «бадам», «жалбырак», «ийрек», «ит куйрук», «каз таман» деп аталат. Тартиби катары элечектин астынан кийилип түндүк, түштүк аймактык өзгөчөлүккө ээ.  Мындай кийимдин жөнөкөй ак кездемеден жасалышы Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Жалал- Абад облустарында, Токтогул районунда басымдуулук кылган. Кооздолгон чач кептер Ош, Баткен областарында кеңири кийилген.  
Асел Барыктабасова  


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.