Курс НБ на 15.12.2018 $69,8381 €78,8821

Тогуз коргоол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурия Султанмуратова: “Тогуз коргоол шахматка караганда 9 эсе татаал оюн”

ДКО-III
11 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
278
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген акыл оюндары боюнча улуттук курамабыздын башкы машыктыруучусу менен маек.
- Нурия айым, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык кандай жүрүүдө?
- Даярдык жакшы жүрүүдө. Тогуз коргоол оюнун бүткүл Кыргызстанга жайылта алдык деп айтаар элем. Биздин максатыбыз тогуз коргоолду дүйнөгө жайылтуу болуп эсептелет. Бул максатта Дүйнөлүк көчмөндөр оюну (ДКО) биз үчүн мыкты мүмкүнчүлүк жаратты. Биринчи көчмөндөр оюну өткөндө катышуучулар да, оюндардын түрлөрү да аз болгон. Бүгүн болсо спорттун 37 түрү боюнча мелдештер өтөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну деп аталгандыктан жыл өткөн сайын бул этнооюндардын долбооруна кызыгуу күч алды. Мында башка көчмөн элдер да өздөрүнүн улуттук оюндарын дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүк алышты. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кандай өткөнүнө күбө болдук. Кыргызстан баштаган саамалыкты дүйнө эли жакшы кабыл алды. Улуттук спорттун түрлөрү боюнча өзүнчө эле олимпиадага тең келген оюндар катары баалашты. Жалпыга маалымдоо  каражаттары аркылуу мыкты чагылдырылды. Дүйнө элдерин кызыктыра алдык. Ошондуктан биз тез-тез эле өтө берет экен, жөн эле акчаларды чачып жатабыз дебестен тескерисинче өнүктүрүп, байытышыбыз керек. ДКО туризмди өнүктүрүүчү, Кыргызстанды дүйнөгө таанытуучу мыкты долбоор. Дагы бир-эки жолу жогорку деңгээлде өткөрүп алсак күйөрмандар өздөрү эле келе баштайт.
- Атаандаштык да күчөп жатабы?
- Атаандаштык да күчөдү. Андан сырткары коңшулаш Казакстан менен биздин улуттук оюндардын окшоштугу дайыма талаш-тартыштарды жаратып келет. Мисалы, бизде көк бөрү, аларда көкпар, тогуз коргоол – тогуз кумалак, эр эңишти оодарысмак дешет. Чындыгында кошуналарыбыз улуттук оюндарын өркүндөтүп, өстүрүп жиберишти. Себеби мамлекет тарабынан колдоого алынып, ойдогудай шарттар түзүлүп жатат. Машыктыруучулар менен спортчуларга кошумча эмгек акы берилет. Чемпион болгондорго стипендия каралган. Ушул жагынан биз кошуналарга салыштырмалуу артта калдык.
- Бизде стипендия берилбейби?
- КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында Улуттук спортту өнүктүрүү борбору бар, азыр ал Дирекция деп аталат. Алгач түзүлгөндө көп убадалар берилген. Андан бери беш жыл өтсө да улуттук спорттун түрлөрүнөн эл аралык мелдештерде жеңгендерге стипендия берилбей келет. Алыш күрөшүнөн жана тогуз коргоолдон чемпиондорго стипендия беребиз деп айтылган сөз кагаз жүзүндө эле калды. Мисалы, салыштырып көрсөк тогуз коргоолдон дүйнө чемпиону болгондорго Казакстанда жок эле дегенде биздин сом менен алганда 15 миң сом стипендия берилет. Биздин балдар, кыздар ушундай шарттардын жоктугунан турмуштук абалдарына байланыштуу  улуттук оюндарды таштап кетүүгө аргасыз болуп жатышат.
- Спорттук наамдарчы?
- Ал жагынан кыйынчылык жок. Федерациялар аркылуу чечилип жатат. Биздин балдар азыр көбүнчө спорт чебери наамдарын алышкан. Бизде маяналар аз, 8 миң сом алса, ага 15 миң сом стипендия кошуп койсо спортчуларга стимул болот эле.
- Тогуз коргоолду мектеп программасына кирет деген сөздөр айтылып келген?
- 1992-жылдары жаңылыштык кеткен. Жогорку окуу жайлардын программасына кошуу жөнүндө. Ал ишке ашкан жок. Мектептерде 6 саат бөлүнгөнү да туура эмес. 6 саатта тогуз коргоол жөнүндө жалпы түшүнүк берүүгө гана болот. Азыр биз Улуттук спорт боюнча дирекция менен Дене тарбия жана спорт Академиясы биргеликте долбоор жазып иштеп жатабыз. Балдарды мектептерде 1-класстан тартып үйрөткөнүбүз туура болот. Ал үчүн биз мугалимдерди даярдообуз керек. Себеби дене тарбия мугалимдеринин баары эле тогуз коргоолду үйрөтө албайт. Ошондуктан мектептерде тогуз коргоолго кызыккан балдардын класстарын ачуу каралууда. Бир мектепте бир класс болсо жетиштүү.
- Машыктыруучулар жетишеби?
- Эрежеге ылайык тогуз коргоолдон спорт чебери болгондор машыктыруучу болуп иштей алышат. Мындан сырткары Бишкектеги Дене тарбия жана спорт Академиясында машыктыруучуларды даярдоочу факультет да бар. Спорт чеберлеринин саны болсо жетиштүү. Азыр ошондой класстарды ачууга кызыккан мектеп директорлору да көбөйдү.
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганча дагы кандай турнирлер, этнофестивалдар өтөт?
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары качан башталаары белгилүү болгондон тарта эле тандап алуу оюндары өткөн. Азыр тогуз коргоолдон команданын курамы белгилүү. Кыргызстандын намысын балдардан Анарбек Жамакеев менен Сыргак уулу Сырттан, кыздардан Егембердиева Жаңыл жана Бактыбекова Айзада коргойт. Ар бир өлкөдөн 2 жигит жана 2 кыз катышат. Себеби чектөө койбосок Кыргызстан менен Казакстан жакшы ойногондуктан башка мамлекеттерден кызыгуу болбой калуусу мүмкүн. Мисалы, жакында эле бизде Борбор Азиянын кубогу үчүн мелдеш өтүп, ага Казакстандан 80 оюнчу келди. Мангала менен овариден деле ушундай көрүнүш кайталанбас үчүн ушундай чектөөлөрдү кийирдик.
- Канча өлкөнүн командалары келүүсү күтүлүүдө?
- 35 мамлекеттен, азырынча 12 өлкө тастыктама берди.
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына акыл оюндарынан кайсы оюн кошулду?
- Акыл оюндарынын дүйнөлүк олимпиадасы жыл сайын Чехияда өтүп турат. Мына ошол олимпиаданын программасына кирген овари оюну кошулду. Бул оюн Африканын көчмөн элдерине таандык. Алар ушул оюнду кошсоңор катышуучулардын саны көбөйөт деген өтүнүчтөрү эске алынды. Оварини тогуз коргоол ойногондор бат эле өздөштүрүп кетет. Салыштырып көрсөк акыл оюндарынын ичинен эң кыйыны тогуз коргоол болуп эсептелет. Тогуз коргоол шахматка салыштырмалуу 9 эсе кыйын. Биз жөн эле мактанып жатканыбыз жок. Муну компьютер далилдеген. Шахмат оюнуна салыштырмалуу тогуз коргоолдо 9 жүрүш алдыга эсептелет. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына биздин тогуз коргоол, түрктөрдүн мангала жана биз сөз кылган овари кошулду. Экинчи оюндарда тогуз коргоол менен мангала гана болгон. Жогоруда айтып өткөндөй командалардын курамында балдар менен кыздардан экиден гана оюнчу катышат. Эми 12-20-июнь күндөрү мангала жана овари боюнча Кыргызстандын намысын коргой турган оюнчуларды аныктайбыз. Тандоо турун өткөрөбүз.
- Кыргызстандан уюштуруучу өлкө катары эки команда катыша алабы?
- Биринчи көчмөндөр оюндарында эки команда катышкан. Бирок  ар кандай пикирлер айтылгандыктан, экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан тарта эрежеге ылайык Кыргызстандан да башкалардай эле бир команда катышып келет.
- Маегиңиз үчүн рахмат.
 
Асан Жунусов
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.