Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Режиссер Алтынбек Максүтов: «Кырчын жайлоосу – кыргыз маданиятын чагылдыра турган жер"

ДКО-III
23 - Май 2018
www.erkintoo.kg
431
Алдыда кыргыз маданиятын, тарыхын, көчмөн жашоосун дүйнөгө даңазалай турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу башталды. Дал ушул оюндарга 3 жолу режиссер болгон Алтынбек Максутов учурда даярдык үстүндө иштөөдө. Режиссерго кайрылганыбызда мурунку оюндар менен салыштырып, жаңы пландары туурасында биз менен ой бөлүштү. 
- Алтынбек Аскарович, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3-жолку режиссерусуз. Быйылкы оюндардан кандай өзгөчөлүктөрдү көрөбүз?
- Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы  иш-чараларына режиссерлукка мени дайындашты. Мурунку оюндарда  да башкы режиссерлук менин мойнумда эле. 2014-жылы жаңы гана башталган Көчмөндөр оюндары каражаттын аздыгынан колдон келишинче элдин жардамы менен жакшы деңгээлде өттү. 2016-жылкы оюндарга токтолсок, мамлекет тарабынан каржы жакшы бөлүнүп, жогорку көркөмдүктө өткөнүнө эл да күбө.
 Кырчын жайлоосунун өзгөчөлүгү – кыргыз маданиятын чагылдыра турган жер. Дал ошол жайлоодо кыргыз маданиятынын, көчмөндөрдүн оюндарынын келип чыгышы, философиясы, тарыхы чагылдырылат. Көл жээгиндеги ат майданында оюндардын ачылышында көчмөн цивилизациясы 1 гана саат көрсөтүлсө, Кырчында 4 күн бою 12 сааттык иш-чаралар өтөт. Мында абдан көп компоненттер камтылды. Алсак, кыргыздын кол өнөрчүлүк маданияты, боз үйчүлөр жана ылдам тигүү, ошол эле улуттук тамак-аштын, төкмө акындардын, манасчылардын конкурстары өткөрүлөт. Кырчында «Көчмөндөр жаңырыгы», «Көчмөндөр ааламы», «Көчмөндөр цивилизациясы» көрсөтмөлөрү аркылуу дүйнөгө кыргыз маданияты чагылдырылган.
 Быйылкы оюндардын дагы бир өзгөчөлүгү 3 компонентине бирдей көңүл бурулат. Мурун  спорт тармагына гана көңүл бөлүнсө, быйыл маданиятка, спортко, илимге көңүл бөлүнөт. Илимий тармакта бир катар конференциялар өтөт. Көчмөндөрдүн чыгышы, көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрү, табигатка болгон салымы, тарыхый орду, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактап калуу боюнча илимий тастыктоолор болот
- Кыргыздын маданиятын тааныткан оюндарда кандай конкурстар өтөт?
 - Аянты – 3,5 километр жерде хан ордо, облустун жана чет өлкөлүктөрдүн ордолору тигилет. Ар бир ордо көптөгөн боз үйлөрдөн курулат. Учурда облустардын баарына салт-санаа, маданиятты чагылдыруу программалары бөлүндү. Ар бир облустун ордосунда тарыхый буюмдардын, улуттук кийимдердин конкурстары өткөрүлөт. Мурунку оюндарга катышууну «Кийиз дүйнө», «Ала Тоо айымдары» сыяктуу бир катар фонддор сунушташса, быйыл мындан да көп. 2016-жылы 62 мамлекеттин 50сү спорт, 12си маданият тармагы менен катышышкан. Быйыл олимпиада түрүндө өткөрүү үчүн «Рух ордодо», «Көчмөндөр Ноомат» комплексинде, «Курманжан Датка»  көчмөн цивилизациясынын борборунда сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун конкурстары өткөрүлүшү күтүлүүдө. Бул жолу кыргыздын гана маданиятын көрсөтпөстөн, катышууга сунуш жиберген мамлекеттер да өз маданияттарын чагылдырышат.  Япония, Америка, Канада, Бразилиядан сунуш келип жаткандыктан, эл аралык 3 фестивал – этноырлар, этнокийимдер, этнобийлер кошулду. Катышкан мамлекеттер салтын, маданиятын, кийимдерин, улуттук музыкаларын Көчмөндөр оюндарында көрсөтүшөт. Фольклордук ырчылар, этноырчылар, маданиятты алып жүрүүчүлөр да келишет. Быйыл эл аралык эпостор фестивалы да өтөт. Мындан сырткары чет мамлекеттерден олоңхо, жаңгар айткандар, төкмө акындар, тагыраагы айтуучулук өнөрдүн ээлери катышат.
Улуттук тамак-аштар, канча жол жүрсө бузулбаган жоокерлердин, көчмөндөрдүн гүлазыктарын даярдоо боюнча  атайын конкурстар өтөт. Этнобазар уюштурулуп, кол өнөрчүлөрдүн жоокерчилик мезгилиндеги кийимдери, курал-жабдыктары жана кыргыздын нукура гүлазык сыяктуу даамдары  сатылмакчы. Буга чейин каражаттын аздыгынан кийимдерди театрлардан алсак, мында VI-XI кылымдагы кыргыздын тарыхына таянып, жоокерлердин, каскадерлордун кийимдери тиктирилет. Ага жараша көрсөтмөлөр 200дөн ашуун жоокердин катышуусу менен өтөт. Илгери Көкөтөйдүн ашына канча каганаттан конок чакырылган? Быйылкы оюндарда да көп улуттардын, мамлекеттердин катышуусу менен ачылыш жасайлы деген концепция иштелүүдөө.  
- Кырчындагы шаарча мурунку оюнда курулган, ага да кошумча болобу?
- Кырчындагы курулгандар өзү декорация.  Бир спектаклге курулган декорация экинчи спектаклге колдонулбайт. Андыктан алар жаңыланат. Мурункуга окшоштурбай көркөм сүрөтчүнүн, декораторлордун, режиссердун айтуусу менен баарын өзгөртөбүз. Жаңыланат. Маданий иш-чаралардын көбү Кырчында өткөндүктөн, көрүүчүлөргө, конокторго көрүнө тургандай шарт түзүүнү карап жатабыз. Жайлоого баруучу жолдун унаа тыгындарын азайтуу үчүн айланып чыгуу жолу да пландалууда. Мындан сырткары, жайлоодогу электр, суу, ажаткана сыяктуу бир катар маселелер каралып жатат.
 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.