Курс НБ на 19.09.2018 $69,4042 €81,1127

Пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жетекчилерин ДКО – IIIкө даярданууга чакырды

ДКО-III
26 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
152
 Ысык-Көлдүн пансионаттарынын жана конок үйлөрүнүн кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматтарын ДКО IIIтүн мобилдик тиркемесине, 2ГИСке, ДКО III сайтына жарыялоого чакырышкандыгын Көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана даярдык көрүү Катчылыгынын жетекчиси   Нурсултан Аденов 23-июндагы Ысык-Көл райондук администрациясынын жетекчилери, айыл аймак башчылар, пансионат жетекчилери катышкан жыйында билдирди.  Нурсултан Аденовдун айтымында, пансионаттарда, конок үйлөрүндө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген туристтерге, конокторго жагымдуу шарттар түзүлүшү керек. Жакында ири иш-чаранын салтанаттуу ачылышына   мобилдик тиркемелер аркылуу билеттери сатылат. Ошол эле жерден туристтер, катышуучулар пансионаттардын, конок үйлөрдүн кызмат көрсөтүү баалары менен тааныша алышат. Буга катар иш-чаралар жыйындысы өткөрүлө турган жайлар, эс алуу жайлары, мейманканалар, коноктор кайда жашаары туурасында маалыматтар да жайгаштырылат.

Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары Эмильбек Бусурманкуловдун айтымында, масштабдуу иш-чаранын мында өткөрүлүшүнө ысык-көлдүктөр сыймыктанышы керек. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 80ден ашык өлкөдөн жогорку даражалуу коноктор, чет өлкөлүк туристтер, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү келиши күтүлүүдө. Кыргызстандыктар конокторду жогорку деңгээлде тосуп алышыбыз керек”, - деди Эмильбек Бусурманкулов. Мындан сырткары,  айыл аймак башчыларына, жетекчилерге, директорлорго пансионаттарды санитардык тазалоо, өздөрүнө тиешелүү аймактарды, номерлерди жакшыртуу, жол жээгиндеги куураган бактар-дарактардан арылуу, тазалоо иштерин жүргүзүүнү сунуштады. 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу