Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Оюндардын кербени Ошто өттү

ДКО-III
20 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
257
19-июнда “Балдардын оюн кербени” долбоору ишин улантып, Ош шаарына келди. Кербен Ош шаарынын тургундарын, балдарды бүгүн 19-июнда саат 17.00дө “Алымбек Датка” этнокомплексинде күтөт.
Аталган долбоорду БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), өкмөткө караштуу Жаштар жана спорт агенттиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча катчылык менен чогуу уюштурууда. “Кербен” барчу биринчи пункт Кант шаары болгон. Андан ары “Кербен” бардык облустарга багыт алып, өлкөнүн 14 шаарын жана айылдарын кыдырат. Бул сапар 30-июнда Бишкек шаарындагы иш-чара менен жыйынтыкталат.
“Балдардын оюн кербенинде" балдар жана алардын ата-энелери бири-бири менен таанышып, улуттук кыргыз оюндарын чогуу ойной алышат. Бул үчүн атайын 25 оюн тандалып алынган.
Быйыл Ысык-Көлдө Үчүнчү көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда өтөт. Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа тартуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу