Курс НБ на 15.12.2018 $69,8381 €78,8821

Мүнүшкөр Сыртбек Имашев: «Ителги - шумкарлар тукумундагы кыраан куш»

ДКО-III
29 - Май 2018
www.erkintoo.kg
465
Ителги жана бүркүт таптаган мүнүшкөр Сыртбек Имашев менен маек.
 - Сыртбек мырза мүнүшкөрлүк кесипти аркалаганыңызга канча болду?
- 22 жыл болду. Тагыраагы 6-класста окуп жүргөндө башталган.
- Кантип кызыгып калдыңыз?
- Бул эми биздин ата-бабабыздан калган кесип. Атам мүнүшкөр болчу. Мен үйдүн улуу баласы болгондуктан ата жолун улап, ушул кесипти улантып кеттим. Ителги менен бүркүт таптап келем.
- Колуңуздагы ителги жөнүндө айтып берсеңиз?
- Ителги өтө шамдагай кыраан куш. Асмандан ылдый күүлөнүп түшкөндөгү ылдамдыгы саатына 300 чакырымга барабар экендиги аныкталган.
- Алгыр куштардын катарына кирет. Илгери тегирмендин ташын сындыра тээптир, бүркүттү да жыга тебет деп сыпаттап келишкени чынбы?
- Кыраан күчтүү куштардын катарына кирет. Илгери аңчылыкка пайдаланышкан. Азыр коен, көгүчкөн, кекилик, чил жана майда-барат куштарды алууга жарайт. Азыр заманга жараша булардын кыраандыгын ушундай фестивалдарда, мелдештерде көрүп калдык.
- Канча жашынан, кантип таптала баштайт?
- Балапан кезинен багып колго көндүрө баштайбыз. Бир жашынан баштап кое берип, чакырып туурга кондурганды жана аңчылыкка көндүрө баштайбыз. Таптаганга өтө көп убакыт кетет. Убагында тамактандыруу керек.
- Кандай азыктар керектелет, берилет?
- Негизинен эт жейт. Ителги илгертеден жемин тээп түшүрүп алчу алгыр куш катары эсептелип келген.
- III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кандай?
- Даярдык жакшы. Жакында тандоо туру болду. Мына ушул эки жаштагы ителгим менен биринчи орунду ээледик. Көчмөндөр оюндары башталганча тандап алуу мелдештери улана берет.
- Ителгилердин жашы жана өзгөчөлүктөрүнө токтолсоңуз?
- 8-9 жашына чейин аң улоого ылайыктуу учуру. Өтө сезимтал келет. Ээсинин үнүн жакшы билип калгандыктан чоочун кишини дароо эле билип алат. Таптап баштагандан экинчи жылдан аңчылыкка жарап калат.
- Бүркүтүңүз да барбы?
- Бүркүт, дагы эки ителгим бар.
- Шакирттерииз, балдарыңыздан кызыккандар барбы?
- Мурда жаштар көп кызыкпай келишкен, бирок көчмөндөр оюндары сыяктуу этнофестивалдар бул саамалыкты улантууга, жандандырууга жол ачты. Буюрса кызыгуу күчөп мындан ары өнүгөт. Дүйнөдө бул мүнүшкөрлүк өнөрдү аркалаган элдер аз эле экен.
- Маегиңиз үчүн рахмат.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.