Курс НБ на 17.08.2018 $69,4557 €79,1552

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова: “Кыргыз кылымдарды карыткан, тарыхы терең, дөөлөттүү эл”

ДКО-III
07 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
182
Эки жыл сайын өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчүсү да көл жээгинде өтмөкчү. Учурда дүйнөлүк бул мега долбоорго чоң даярдык жүрүп жаткан кези. Аны өткөрүүгө жумушчу топ түзүлүп, маданият тармагын жетектөө Маданият министрлигине тийген. Жумушчу топтун алдыдагы оюндарга карата даярдыктары жөнүндө Маданият, маалымат жана туризм  министринин орун басары Айнура Темирбекова кеп салды.
- Айнура Кубанычбековна, күн санап жакындаган Көчмөндөр оюндарына келген конокторго эмне тартуулай алабыз?
- Ушул жылдын сентябрында кыргызды дүйнөгө дүңгүрөткөн мега долбоор өтөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен атайын Катчылык, Уюштуруу комитети түзүлгөн. Уюштуруу комитетинде 12 жумушчу топ иштейт. Жумушчу топторду  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жетектейт. Маданият боюнча жумушчу тобун министр Султан Жумагулов, медиа, коомчулук  менен байланышуу тобун өзүм жетектейм.
Кыргыз жергесиндеги  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгү – үчилтик багытта өтөт, тактап айтканда, спорт, маданият жана илим тармагындагы иш-чаралар камтылган. Маданият  багытында  Кырчын жайлоосунда  театралдаштырылган көрүнүштөр  жана улуттук конкурстардын жыйынынан турат. Андан сырткары, Эл аралык этномаданият,  тактап айтканда, “Көчмөндөр ааламы” Эл аралык фестивалына катышууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 100дөн ашуун өлкөлөрдүн Өкмөттөрүнө чакыруу жөнөттүк. Максаты – чет өлкөлүктөр  бул иш-чара  бир гана мекеменин эмес, Кыргызстандын ири долбоору экендигин түшүнүшү керек. Ага спорттун 37 түрү боюнча жана келе турган чыгармачылык делегациялар үчүн эки жобо тиркелди. Андан сырткары 70тен ашык чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин  атынан чакыруу жөнөтүлдү. Көчмөндөр оюндарына даярдык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  көзөмөлүндө жүрүп жатат.
2–8-сентябрда оюндардын салтанаттуу ачылышын жана жабылышын өткөрүү  боюнча  атайын жумушчу топ иштөөдө. Кырчындагы маданий театралдаштырылган иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында башталып, 6-сентябрында аяктайт. Ал эми “Көчмөндөр ааламы” Эл аралык фестивалдары 4-сентябрда ачылып, 7-сентябрда жабылат. Мында “Этнохит”, “Этномода”, “Этнобий” жаңы амфитеатр “Ноомадда” болот.  Амфитеатрдын конокторду таң калтыра турган укмуштуудай жаратылышы, пейзажы бар. Күндүзгү иш-чараларга катышкан коноктор үчүн кечки программалар даярдалууда.
- Сиз жетектеген медиа-пиар тобунун чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыштарына токтолсоңуз?
- Медиа-пиар тобу  Кыргызстандын ичиндеги  жана эл аралык багыттардагы иштерди аткарууда кыргызстандыктардын, өзгөчө жаштардын аң-сезимин кыргыздын жаралуу тарыхына бурушубуз керек. Өлкөгө диний көз караштагы агымдар чет өлкө климатына ылайыкталган кийимдерди кийүүгө, кыргыз тарыхына доо кетирген маданияттарга баш ийүүгө чакырыктарды таштоодо. Андыктан, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги максаты – кыргыздын үлгү ала турган каада-салты, маданияты, жарашыктуу кийимдери бар экенин дүйнөгө таанытуу. Кыргыз кылымдарды карыткан, тарыхы терең эл. Мына ушуларды кыргыз жергесине эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө чагылдыруу иштери аткарылып жатат. Кыргызстанды кээ бир чет мамлекеттер кайталанган  революциялар менен таанышат. Эл аралык багытта Кыргызстанды чет өлкөлөргө бай маданияты, философиясы терең тарыхы менен таанытуубуз керек.  Андыктан, кыргыз тарыхына кайрылуу менен өлкө туризмин өнүктүрө алабыз. Туризм өлкөгө киреше алып келе турган көрүнбөгөн булак.
Медиа-пиар жумушчу тобунун милдети – чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу. Өзүм да жакында Москвада, Россиянын бир катар телеканалдарында болдум. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштеген министрдин орун басары менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Телеканалдардын өзүнүн саясаты болгондуктан, роликтерди реклама катары жайгаштыра албайбыз дешип, бирок маалыматтык сюжет бергенге макулдугун беришти. Ошол себептен, россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө  Кыргызстанга пресс-тур уюштуруу июнь айына пландалууда. Июнда КМШ мамлекеттеринин журналисттери оюндар өтө турган жерде маалымат топтошот. Албетте, аларга көчмөндөр оюндарына тиешелүү оюндар көрсөтүлөт. Көчмөндөр оюндарынын ээлеринин даярдыктарын КМШ мамлекеттерине көрсөтүшөт. Дал ушул көрсөтүүлөрдүн арты менен туристтер келгени да зор жетишкендик. Россиялык ири телеканалдар оюндардан кабардар экен. “Евроньюс” телеканалы менен иштешсек, 108 өлкөгө маалымат жетет. Бирок, ага каражат төлөгөнгө туура келет. Мындан сырткары,  интернет айдыңына басым жасадык. Андагы “саякатчы блогерлер” турист катары эс алып, өлкөнү интернет аркылуу таанытышат.
2016-жылдагы кемчиликтерди эске алсак, кыска мөөнөттө каражат  бөлүнүп, жайгаштырууга келгенде кыйынчылык туулду. Пансионаттарда бир орундуулар жок болгондуктан, суу кечип, тоо ашып келген чет элдик журналисттер нааразы  болушту. Ошол себептен, быйыл номерге бирден адам жайгаштырылат. Өткөн оюнда Кырчында, Ден соолукту  чыңдоо борборунда уюштурулган пресс-борборлордо жогорку ылдамдыктагы интернет жетишсиз болгондуктан, көп салмактуу видеону журналисттер чет өлкөлөргө чыгара албай убараланышты. Быйылкы оюндарда жогорку ылдамдыктагы интернет орнотууга тиешелүү тармактар  менен сүйлөштүк. Мурунку оюндарда кетирилген кемчиликтер эске алынып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын  жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу