Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Кыргызстандык балбандар азамат.

ДКО-III
06 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
276
 Алар Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн кыргыз күрөшүнөн баш байгени эч кимге берген жок. Жети салмак категориясы боюнча чыккан спортчулардын баары   алтын тагынып кубандырышты. Маалыматка караганда Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн кыргыз күрөшү мелдешине 38 мемлекеттен келген 131 балбан катышкан. 
Алтын медаль уткан кыргызстандык балбандар: 
Бекболсун Сатканкулов — 55 килограмм; 
Амангелди Эсенбек уулу — 60 килограмм; 
Равил Самат уулу — 66 килограмм; 
Баястан Идирисов — 74 килограмм; 
Чыңгыз Чалабаев — 84 килограмм; 
Нурбек Кожобеков — 96 килограмм; 
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Спорттук мелдештерге 70 мамлекеттен (Россиянын 12 субъектиси) 1918 спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Ага 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.