
Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары "Бишкек ордо" этно-шаарчасына баш бакты
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары — Айгүл Токоева менен Эмине Эрдоган Кырчын жайлоосунда тигилген "Бишкек ордо" этно-шаарчасына баш бакты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Келген конокторго "Баланы бешикке салуу" салты көрсөтүлгөн. Андан тышкары, этно-шаарчанын ичинде күнү бою "аркан тартыш ", "шакек салмай", "ак терек, көк терек" жана башка оюндар ойнотулду. "Бишкек ордо" этно-шаарчасынын расмий ачылышы 4-сентябрда болот,-делет маалыматта.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек