Кырчын жайлоосунда этнофестивалдын ачылышы өтүп жатат
Ушу тапта III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда этнофестивалдын ачылышы өтүүдө. Кырчын этношаарчасына ар бир облус 11-13төн, ошондой эле ири масштабдагы иш-чарага кызыкдар болгон коомдук бирикмелер, уюмдар дагы катышып, жалпысынан миңден ашуун боз үй тигилген. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында кызыктуу сынактар орун алып, кыска убакытта кыргыз боз үйүн тыкан тигүү жана жыйноо мелдештери уюштурулат. Ачылыш аземге өлкөгө келген расмий коноктор катышууда.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек