Курс НБ на 24.09.2018 $69,1133 €81,3325

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун башкы директору Тургунбай Алдакулов: “Кырчын жайлоосу – көчмөндөрдүн күзгүсү”

ДКО-III
25 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
583
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын республиканын алкагында өтүүчү “Көчмөндөр жаңырыгы” сынактарынын жоболору туурасында улуттук маданий борбордун башкы директору Тургунбай Алдакулов менен маектештик.
- Тургунбай мырза, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маани-мазмуну тууралуу кеп курсак, мамлекетибиз үчүн долбоордун баа-наркы канчалык?
- Көчмөн элдери адамзат өнүгүүсүнүн башатында турган, инсандык жашоонун байыр алышына өзгөчө салым кошкон эл эмеспи. Көчмөндөрдүн философиясын, жашоо-турмушун иликтеп билүү эң ириде биздин – кыргыз элинин милдети. Ата-бабаларыбыз басып өткөн заманды, өз тамырыбызды билсек гана пайдубалы бекем, күчтүү өлкө кура алабыз. Кыргыз эли көчмөндөр цивилизациясын түптөгөн, анын башында турган, тарыхка, каада-салтка бай байыркы көчмөн элдердин бири. Ата-бабалардын ыйык сөзүн, мурасын бийик тутуп, Манас атабыздын «Курама жыйып журт кылдым» деген урааны астында башка улуттар, боордош элдер менен “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу” менен үчүнчү жолу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн алдында турабыз. Демек,  долбоордун идеясы, формасы жагынан сүйүктүү Кыргыз мамлекетибиздин өтмүшүнө, учуруна жана келечегине арналган ири долбоор десек болот.
- Улуттук маданий борбор бул иш-чаранын маданий программаларына жооптуу экен, маданият багытында кандай иштер жүрүп жатат?
- “Көчмөндөр оюнунун алкагында” үч чоң багытта иш-чаралар жүрөт. Биринчи – спорттук мелдештер. Экинчи – маданий программалар. Үчүнчү – илимий изилдөө иштери.  Маданий программалар да өз ара үч багытка бөлүнөт: Чолпон-Атадагы ат майдандагы  “Көчмөндөр оюнунун” салтанаттуу ачылышы жана  жабылышы.  Экинчи программа, “Кырчын” жайлоосунда “Көчмөндөр жаңырыгы” деп аталган республикалык конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, маданиятка тиешелүү иш-чараларды камтыйт. Улуттук маданий борборубуз мына ушул Кырчын жайлоосунда өтүүчү программага жооптуубу. Ал эми үчүнчү бөлүк – этнофестиваль аталып, Бостери айылындагы "Дордой-Номад" амфитеатрында өтөт. Мында чет элдик командалар менен кыргызстандык курама команда “Этноүй”, “Этнобий”, “Этномода” багыттары боюнча программа тартуулайт.
- “Көчмөндөр жаңырыгы” конкурсу тууралуу айтып берсеңиз?
- Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келгендердин көпчүлүгү спорттук оюндар менен бирге маданий программаларга да өзгөчө кызыгышат. Көчмөн цивилизациясын алып жүргөн элдердин каада-салты, ыр-бийлери, кийим-кечелери, тамак-ашы жана колдонгон буюмдары көңүл борборунда болот. Коомчулуктун кызыгуусун жараткан мына ушул багыттар “Көчмөндөр жаңырыгы” конкурсунун алкагында тартууланат. Тагыраак айтканда, Кырчын жайлоосунда кыргыз элинин байыркы тарыхы, турмушу, маданияты чагылдырылып, Көчмөн доордун күзгүсүндөй атмосфера тузулөт.
- Конкурстун Жобосун атайын адистер иштеп чыктыбы?
- Түздөн-түз кесипкөй окумуштуулар иштеп чыкты. Атап айтканда, башкы режиссер Алтынбек Максутовдун сунушу менен тарых илимдеринин доктору,  Махмуд Кашкари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору Асан Ормушев менен Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын адабий бөлүм башчысы Зайнидин уулу Улан мырзалар тарабынан даярдалып, Маданият министрлигиндеги жумушчу топтун кароосунда кабыл алынды. Конкурска 7 облус жана Бишкек, Ош  шаарларынан жалпы 9 команда катышат.  Ошондой эле демилгелүү коомдук уюмдар да Жобонун талаптарына жетиштүү деңгээлде даярдык көргөн болсо, режиссёрдук топтун макулдугу менен конкурска катышышат.
- Кандай номинациялар боюнча күч сынашат?
- Командалар 9 багыт боюнча ат салышат. “Улуттук салттуу ырлар”, “Улуттук бийлер”, “Улуттук кийим-кечелер”,  “Театралдашкан улуттук каада-салттар”, “Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары”, “Кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы”, “Боз үйдү ылдамдыкта тигүү”, “Күл азык” улуттук тамак-аштар”, “Элдик кол өнөрчүлүк” жана “Көркөм сүрөт” багыттары боюнча күч сынашат.
- Байкашыбызга караганда “Театралдашкан улуттук каада-салт” конкурсунда унутта кала баштаган каада-салттар көрсөтүлөт окшойт?
- Конкурста кыргыз элинин көчмөн турмушундагы каада-салт адаттары театралдаштырып көрсөтүлөт. Мисалы, “Жентек той – Бешикке салуу”, “Тушоо кесүү”, “Сөйкө салуу”, “Кыз оюну”, “Кыз узатуу”,  “Келин алуу”, “Үйлөнүү тою”, “Жаңы үй көтөрүү (Өрлүктөө)”, “Хан көтөрүү”,  “Байбиче көтөрүү” адаттарын театралдаштыруу жолу менен философиялык маанисин көркөмдөп, кеңири ачып бериши керек.
“Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” сынагында көчмөндөрдүн турмушунда колдонулган буюм-тайымдар, аларды жасоо ыкмалары, дегеле турмуш-тиричиликтин түрлөрү чыгалдырылат. Мисалы, “Ийик ийирүү”, “Жүк жыйуу”, “Ала кийиз жасоо”, “Чий согуу”, “Терме согуу”, “Камчы өрүү”, “Кыл аркан эшүү”, “Зергерчилик”, “Уук жасалуучу талды тез аарчуу”, “Жөө айтыш” сыяктуу оюндардын сынагы өтөт.
- “Кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы” аттуу конкурсу кандай шарттарда өтөт? Бул сынак буга чейинки “Көчмөндөр оюндарында” да өзгөчө кызыгууну жараткан болчу.
- Сынактын максаты - кыргыз боз үйүнүн жасалышын, тигилишин жана ички жасалгаларын мурас катары сактап калуу менен келечек муунга өткөрүп берүү болуп саналат. Сынакка катышкан боз үйлөрдүн жасалгалары жергиликтүү усталардын жана уздардын колу менен жасалса артыкчылык берилет. Боз үйдүн жыгач жана кийиз жасалгаларынын салттуулугуна, буюм-тайымдарынын нукуралуулугуна баа берилет. Ушул жерде эскерте кетчү жагдай, боз үйдүн сырткы жабуулары, мисалы, үзүк, туурдук, түндүк жабуулар синтетикалык жана фабрикалык жука кийизден болбошу керек.
- “Күл азык” улуттук тамак-аш конкурсуна кандай талаптар коюлат?
- Көчмөн элдеринин турмушунда жана жоокердик жашоосунда күл азыктардын орду чоң болгон. Тамактардын табигый таза сапаттуулугуна, узакка сакталуу өзгөчөлүгүнө жана кубаттуулугуна көңүл бурулат. Командалар тамак-ашты өздөрү жашаган аймактын өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап жасашы керек. Сынактын бул түрү атайын даярдалуучу Этнобазарда өткөрүлөт.
- Атайын “Этнобазар” курулабы?
- Ооба, узундугу болжол менен 120 метрге жеткен “Этнобазар” курулат. Учурда долбоору даярдалууда. Бул жерде “улуттук тамак-аш” конкурсу менен бирге “элдик кол өнөрчүлүк” жана “көркөм сүрөт” конкурстары да өтөт. Кол өнөрчүлөр менен сүрөтчүлөр эмгектерин сынакка сунуштоо менен бирге сатууга да коё алышат.
- Конкурс боюнча окурмандарда суроо туулса кайда, кимге кайрылса болот?
- Жогорду аты аталып кеткен региондор боюнча башкы режиссер Зарылбек мырзага, же анын ассистенти Бактыбек мырзага кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0555 15 03 85, 0703 75 11 70.
Маектешкен: Асел Барыктабасова
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу