Курс НБ на 15.08.2018 $69,4905 €78,7084

Көөдөндү көтөргөн көчмөндөр оюндарына катчылыктын даярдыгы

ДКО-III
27 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
136
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүүгө түзүлгөн мамлекеттик мекеме – КатчылыкКатчылыктын милдети – Көчмөндөр оюндарынын брендин эл аралык аренада пропагандалоо, аны өткөрүүдө мамлекеттик органдарга, айыл өкмөттөргө жана башка уюмдарга көмөктөшүү. Чет өлкөлөргө Кыргызстандын брендин жарнамалоо, чет жердеги мекендештер менен биргеликте иштешүү, ыктыярчылар дегеле, уюштуруу иштери да Катчылыктын мойнунда. Бүгүн “Эркин Тоонун” маектөрүндө Катчылыктын курамы аткарып жаткан иштери туурасында кеңири баяндашты.
Көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын туризмин өнүктүрө турган ири долбоор
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов:
- Учурда катчылык уюштуруу иштери менен кызуу иштеген учуру. Быйыл Оюндар өтө турган жерлер кошумча жасалгалар, кооздуктар менен көркөмдөлөт. Дегеним, бир оюндун декорациясы экинчисине жарабайт экен. Андыктан, жасалгалар мурунку оюндарга окшош болбош керек. Быйылкы оюндарга Бостеридеги абдан кооз “Ноомат” амфитеатрында “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалы өтөт. Анда боз үйлөрдү тигүүгө аянттар даярдалууда. Катчылык Өкмөт менен биргеликте чет өлкөлүк президенттерди, премьер-министрлерди, министрлерди, дегеле жогорку даражалуу конокторду тосуу форматын даярдап жатабыз. Маселен, аларды конок үйлөрүнө жайгаштыруу, кандай тамактар берилери, кандай унаалар менен жеткирилери туурасында дүйнөлүк тажрыйбаларга таянуу менен иштелип жатат. Мындан сырткары, мамлекеттин каржысына басымды азайтып, көбүнчө кыргызстандык жана чет элдик демөөрчүлөр менен иштеп, оюндарды масштабдуу өткөрүүгө кошумча каражат табуу аракетиндебиз. Чет жерде окуган, иштеген мекендештерибиз биздин сунуштарыбыз менен жашаган мамлекеттеринде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жарнамалап жатышат. Маселен, Италияда, Бразиляда, Франция сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө иштеген мекендештердин патриоттук сезими ойгонуп, өлкөнүн туристтик потенциалын көтөрөлү деген аракеттер менен Көчмөндөр оюндарынын бет ачаарын жасашууда. Анткени, оюндардын өтүшү менен Кыргызстанды бүтүндөй дүйнө тааныйт. Мындан сырткары, расмий сайтты иштетип жатабыз. Көптөгөн өлкөлөрдөн келе турган катышуучулар сайттарга басым жасашкандыктан, сайтты мүмкүн болушунча жеңилдеттик. Себеби, дүйнөдө “жалкоо турист” тенденциясы бар. Сайт оор болсо, карагысы да келбейт экен. Андыктан, сайтта оюндарга канча күн калды, кайсыл жерде өтөт, эмнелер көрсөтүлөт, картасы, кайсыл машина менен кыдырат деген маалыматтар камтылган. Негизинен Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын туризмин өстүрө турган, брендин арттыра турган долбоор. Ошондуктан сайтта Кыргызстандын туризмине басым жасаш  керек.
Мындан сырткары, этнофестиваль, оюндар өтө турган жерлерде жогорку ылдамдыктагы интернетти орнотуп беришибиз керек. Ал мезгилде бардык өлкөлөр Кыргызстанда өтүп жаткан оюндарга дүрбү салышат. Андыктан, чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарына, конокторго жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо максатында мобилдик операторлор менен интернет өткөрүү иштери уюштурулууда.
“ITV Берлин” көргөзмөсүндө Кыргызстандын эки боз үй тигилди
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова:
-Катчылык Маданият тармагынын жоболорун  Маданият министрлиги менен биргеликте иштеп чыкты. Дал  ошол жобого таянып чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий чакырууну  Өкмөттүн атынан жөнөттүк. Мурунку оюндарда 350дөй чет элдик журналисттер келишсе, быйыл 500 журналист чакырылды. Буга аккредитация 15-марттан тартып расмий жарыяланды. Журналисттерди чакыруудагы талаптарыбыз кичи фотоаппараттар, камералар менен тартууга болбойт. Анткени, минималдуу түрдө 2 жылдык тажрыйбасы бар, социалдык жеке баракчасында минималдуу 30 миңдей адамдар катталсын деген сунуштарды билдирдик. Ар бир өлкөгө бөлүнгөн квотанын негизинде, бизге тиешелүү багыттары, тамак-ашы, жатаканасы каржыланат. Мындан сырткары 7-11- марттарда  “ITV Берлин” көргөзмөсүнө катышып келдик. Бул жолу 180 мамлекеттен 300 миң адам катышты. ЮСАИДдин каржылоосу менен Берлинде эки боз үйдүн бири сыртка, экинчиси ичине тигилди. 300 миң адам катышкан көргөзмөдө быйылкы өтө турган Көчмөндөр оюндарын жарнамаладык.
“ITV Берлинде” көргөзмөлөр гана өтпөстөн, туризмге байланышкан илимий форумдар болот экен. Ар бир мамлекеттин окумуштуулары, студенттери ар бир тармактын өкүлдөрү катышкан “Жибек Жолу” форумунда Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов катышып, ар жылы өткөн Көчмөндөр оюндарынан кабар берип, быйылкы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий чакырды. БУУнун алдындагы Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун жетекчилиги, менеджерлери менен расмий жолугушуу өттү. Мындан сырткары чет өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жеке жолугушууларды өткөрдүк. Франциянын, “5”, “24” каналдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызыгып, биз менен иштешүүнү сунушташты. Бул каналдарга Кыргызстан этнотуризмге, экотуризмге потенциалдуу мамлекет экендигин түшүндүрдүк. Көчмөндөр оюндары туурасында маалыматтарды чагылдырууга кызыгуу жаратышууда. Алардын “Интересные истории” деген телеберүүсүн миллиондогон адамдар көрүшөт экен. Кыргызстан жөнүндө чагылдырууну сүйлөштүк. Кичине мамлекет алардын талабына жооп бере албаса да, кыргыз оюндары, маданияты, жаратылышы, каада-салты бар өлкөбүз. Мындан сырткары чет элдик “Аэрофлоттун” өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруп, алар менен иштешүүнү сунуштадык.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күзгүсү– ыктыярчылар
III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгынын ыктыярчылар бөлүмүнүн координатору Союзбек Надырбеков:
- Көчмөндөр оюндары – эл аралык долбоор. Анын негизги принциптери боюнча эл аралык катышуучулар, уюштуруучулар, ошондой эле ыктыярчылар  болушу  шарт.  Мисалга  алсак, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка өз каражаты менен ар кайсы мамлекеттерден ыктыярчылар келишет. Биздеги оюндарга да чет өлкөдөн 40 ыктыярчы катышат. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 1 гана адам чет өлкөдөн ыктыярчы катары келген.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күзгүсү– ыктыярчы жаштар. Себеби ыктыярчынын баскан-турганы, өзүн алып жүрүүсү, аткарган иши менен конокторду тосуп алуусунан улам маданият деңгээлибиз көрүнөт. Катчылыктагы уюштуруучулар ыктыярчыларды кылдаттык менен тандадык. Коноктор дүйнөнүн ар тарабынан келгендиктен, ыктыярчы сөзсүз түрдө чет тилин билүүсү зарыл. Буга чейин ыктыярчы тажрыйбасына ээ, команда менен иштей билүү талаптарын койдук. Ыктыярчыларды координациялоо, тандоо милдети катчылыкка жүктөлгөн. Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери, Кызыл жарым ай коому менен биргеликте жүргүздүк. Быйылкы ыктыярчылар  бир гана тармакка бөлүнбөстөн, маданиятка, спортко, илимге жана башкаларга жардам беришет. Анткени, мурдагы оюндарда бир гана тармакка бөлүнүп, түшүнбөстүктөр чыккан. Тандоодо мурдагы оюндарга катышканына, лидерлик сапаттарына, командада иштеше билүүсүнө басым жасадык.
Жалпысынан 550 ыктыярчы болот. А бирок резерв менен болсун деп 650дөй ыктыярчыны алып жатабыз. Алар үч этап менен тандалып алынууда. Алгач онлайн түрүндө катталышты. Андан кийин жеринде аңгемелешүү жүргүздүк. Эми үчүнчү этабында Кызыл жарым ай коому менен биргеликте уюштурулуп жаткан атайын окуудан өтүшөт. Анда ыктыярчы деген эмне? Этикет, протокол боюнча базалык окуулар жүргүзүлөт. Андан тышкары, көчмөндөр оюндары боюнча маданият, спорт, билим багыттары боюнча окутулат. Эң негизгиси – биринчи жардам көрсөтүү ар бир ыктыярчыга үйрөтүлөт.
 Эл аралык долбоорго катышып, өздөрүнүн тажрыйбасын өстүрүп, байланыштарды түзүүгө стимул болуп эсептелет. Алардын жатаканалары, тамак-ашы бекер. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эбегейсиз тажрыйба топтоп, ошол эле учурда команда менен иштеше билүүсүнө, коммуникациясын жогорулатууга кенен мүмкүндүк түзүлөт.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.