
Курс НБ на 20.01.2021 $84,7995 €102,6837

Көчмөндөр оюндарын сахналаштырууга үч ай даярдык көрүлгөн
Бул тууралуу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов билдирди. Анын айтымында аталган иш-чарага 1100 ыктыярчы кызмат кылган. "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары белгиленген датада өтө турганы дүйнө жүзүнө 2017-жылдын 15-декабрында жарыяланды. Ошондон бери өкмөт тарабынан бардык министрликтерге тапшырма берилип, даярдыктар жүрүп баштаган. Мени башкы режиссер кылып 14-июнда дайындашты. Жалпы жонунан иш-чараны сахналаштырууга үч ай катуу даярдандык. Бул убакыт арасында жоопкерчиликти сезип, даярдык учурларын калтырбай келип берген 1100 ыктыярчыга өзгөчө ыраазычылык билдирем", — деди Максутов. (ЖК)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек