Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Көчмөндөр оюндарын даңазалаган мотожүрүш: 4 мамлекеттен чогулган 40 байкер Ошто

ДКО-III
20 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
414
Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын байкерлери мамлекеттер аралык сапарынан кийин бүгүн, 20-июнда Ош шаарына келишкендигин  ДКО катчылыгынан билдирди.
Алардын айтымында, аталган мамлекеттерден жалпы 40 байкер чогулуп, «Көчмөндөрдүн жолу» урааны астында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда мотожүрүшкө чыгышкан.
Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун жетекчиси Аскат Сейитбеков жүрүштүн максаты Борбордук Азиядагы байкерлердин достугун күчөтүү экенин белгиледи. Ошондой эле атаган мотожүрүш III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.
«Байкерлердин жүрүшүнүн максаты — көчмөндөрдү даңазалоо болуп саналат. Жолдо ар кандай көйгөйлөргө дуушар болуп, мотоциклдердин дөңгөлөктөрү жарылды. Мындан сырткары Россиядан келген байкер агабыздын мотоцикли Тажикстанда бузулуп, калып калды. Жалпы 2,5 миң чакырым жол жүрдүк», - деди ал.
Казакстандык байкер Николай Киянов кээ бир өлкөлөрдө күйүүчү май табылбай кыйналгандыгын айтты.
«Өзүм Алматы шаарында жашайм. Союз тарагандан кийин чек ара маселеси кыйын болуп калыптыр. Чек арадан өтүп жаткан кезде көп кагаздарды толтурууга туура келди. Мындан сырткары Өзбекстандан күйүүчү май табылбай кыйналдык. Кыргызстанга келип, максатыбызга жеттик деп ойлом. Жубайларыбыз телефон чалып, келүүбүздү өтүнүп жатышат. Алыста жүрүп балдарыбызды да сагындык. Эми Бишкек шаарына, андан кийин Ысык-Көлгө барып, Көчмөндөр оюндарына арналган мотожүрүштү жыйынтыктайбыз», - деди ал.
Асел Барыктабасова

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.