Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

Көчмөн элдин бай маданияты, философиясы даңазаланат

ДКО-III
26 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
88
2012-жылы ошол мезгилдеги өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев тарыхта биринчи жолу “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” өткөрүүнү сунуштаган. Маданияты, тарыхы жок эл болбойт. Кыргызстандагы ири долбоордун максаты – ааламдашуу доорунда дал ушул маданиятты сактоо, элдердин инсандык сапатын жогорулатып, дүйнөдөгү жашоо нугун тартиптештирүү эле.  Казакстан, Азербайджан, Түркия мамлекет башчылары тарабынан аталган демилге колдоого алынган.
Көчмөндөр дүйнөсү кайталангыс маданиятын, салтын жашоо тиричилигинде чагылдырган. Алсак кыргыздардын боз үйү талаа-түскө, тоого тигип жашаганга жана көчүп конууга ылайыкталган. Боз үй өзүнө арифметиканы, архитектураны, сүрөтчүлүктү, дегеле бир канча илимдин башын бириктирет. Ал тургай устачылык менен узчулукту да. Өзгөчө кыргыздарда боз үй ичи улуу-кичүүгө, үйдүн кожоюнуна, кожойкесине тиешелүү. Кыргыздар боз үйдүн бөлүнүшүнө карап орун алышкан. Мына ушунда көчмөн элинин чексиздиги, байлыгы, улуу-кичүүгө болгон сый-урмат, ызаат мамилелери да катылган.
Көчмөн эл  жаратылыш менен жуурулушуп жашашкан. Дегеним, алар жаратылыштын кандай гана шартында жашабасын, экологияга, жаратылышка зыянын тийгизбестен, ыңгайлашкан. Алар бир гана көчүп-конуу же согушкерлик менен таанылбастан, аш-тойлорун дене бойду чыңдаган, акылды курчуткан спорттук оюндарды ойноо менен өткөрүшкөн. Мындай оюндар бүгүн да ойнолууда. Кыргыздар байыртадан Евразиядагы көчмөн цивилизациясынын бир бөлүгү болгондуктан, элдик жана спорттук оюндар аскердик көркөм өнөр, ат спорту, аңчылык салт-санаалары, жаа атуу, күрөш менен бирге  ордо, тогуз коргоол, чатыраш ( шахмат), дойбу (шашки) сыяктуу интеллектуалдык  оюндары кылымдарды карытышкан. Буга чейин оюндар эл аралык деңгээлде уюштурулган, кыргыздар да, түрк-монгол элдери ар кайсы мамлекеттен спорттук атаандаштарын – тарыхый коңшуларын чакырышкан.
Көл жээгинде өткөрүлгөн эки жолку оюндарда Кыргызстандын аты дүйнөгө даңазаланды. Оюндар ойнолуп гана тим болбостон, кыргыз жеринин сулуулугу таанылып, туризм тармагына зор салым кошту. 2014-жылкы оюндарда  улуттук спорт оюндарынын 10 түрүнөн мелдештер уюштурулган. Оюндарга катарлаш “Кырчын” жайлоосунда маданий этнофестивалында бала төрөлүп, бешикке салынып, биринчи кадам таштагандагы жасалган ырым-жырымдарынан тарта, элди толкундаткан чабандестердин ат жалында ойногон оюн-зооктору көрсөтүлгөн. Дал ошол иш-чараны алдыңкы ММКлардан келген 250 журналист дүйнө жүзүнө чагылдырган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чагылдырылган мураска бай көчмөндөр маданияты, оюндары дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык мамлекеттеги көрүчүүлөрдүн купулуна толуп, кызыгуусун арттырган.
Ал эми II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мелдештин түрлөрүн 25ке чейин көбөйүп, жекеме-жеке күч сынашуу фестивалы, ат чабыш, таймаш жана салбуурундун ичиндеги жаа атуу, тайган менен куш салуу сыяктуу мергенчиликтин түрлөрү киргизилген. Кырчын жайлоосунда кайрадан көчмөндөр маданиятын чагылдырган боз үйлөр шаарчасында кол өнөрчүлөрдүн, уздардын колунан жаралган ала кийиз, шырдак, булгарыдан, жыгачтан жана темирден жасалган  буюм-тайымдар коюлуп туристтерди, меймандарды таң калтырбай койгон жок. Андагы Кыргызстандын сулуулугун даңазалаган, боз үйлөр шаарчасындагы нукуралуулукту баалаган чет элдиктердин пикирлери туристтерди кыргыз жерине дагы бир ирээт тарткандай болду. Бул оюндардын алкагында Орто Азияда кооздугу жагынан тең келбеген, эл аралык деңгээлдеги ат майданы, спорт комплекси, жол да курулуп, айылдын инфраструктурасы бир кыйла жогорулады.   
Быйыл да III Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кызуу даярдык башталды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаты – көчмөн элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын жандандыруу жана сактоо. Быйылкы оюндарда дүйнөгө көчмөн цивилизациясынын улуулугун даңазалап, ар бир улуттун баалуулуктарын, маданиятын жана турмуш-тиричилигин чагылдыруу, улуттук спорттун көчмөндөргө тиешелүү түрлөрүн алгачкы абалында жана дүйнөдөгү көчмөн элдеринин баалуулуктарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Көчмөндөр оюндарында жана ага даярдануу мезгилинде көптөгөн илимий форум, конференция, конгресс, симпозиум, тегерек столдор өткөрүлөт. Көчмөндөр оюндарынын философиясына, багытына айкалыш келген илимий программа – этномаданият, этноспорт жана илим менен билимден түзүлүп, үчилтик негиздөөчү бөлүгү болот. Илим – билим көчмөндөр элдеринин бай маданиятын, философиясын, идеологиясын, адам цивилизациясынын өсүшүн, жалпы эле көчмөн элдеринин ордун изилдегенге багытталмакчы.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу