
Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Казактар таймашка чыгышат
Казакстандын көкбөрү командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы таймаштарга чыга тургандыгын Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымдады. Анын айтымында казак тарап менен кыргыз көк бөрү эрежеси менен өткөрүлө турган мелдеш боюнча келишпестиктер болгон. Бирок маселе чечилди. Казак көк бөрүчүлөрү эртең, 5-сентябрда оюнга чыгышат. Эскерте кетсек, казактар 3-сентябрда саат 12:30да Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек. Бирок казакстандык улакчылар келген эмес.
Жазгүл Кенжетаева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек