Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата

ДКО-III
22 - Май 2018
www.erkintoo.kg
259
Бүркүт салуу, далба ойнотуу, тайган жарыш, жаа атуу
Дүйнөлүк тарыхчы, окумуштуулар куш салуу өнөрү Орто Азияда мындан 4000 жыл мурда пайда болуп, акырындык менен дүйнө жүзүнө тараганын белгилешет. Ал эми аңчы иттер жөнүндө кеп кылсак, андан дагы ары кетип, тарыхы таш дооруна барып такалат. Салбуурун кыргыздарда XX кылымдын башында унутулуп калган. Бирок грек-рим, эркин, кыргыз күрөш боюнча бир нече жолку чемпион, спорттун чебери Алмазбек Акуновдун жеке демилгеси менен эгемен тарыхта биринчи жолу 2006-жылы Ысык-Көлдө "Салбуурун" аталышында фестиваль уюштурулуп, Кыргызстан боюнча алгыр куш, тайган таптагандар жана кыргыз жаасын атууга кызыккандар чогулган. Андан бери өлкөдө салбуурун фестивалы салттуу түрдө спорттук мелдешке айланып байма-бай өткөрүлүп өнүгүү жолуна түштү.
Салбуурунду толуктаган жаа атуу  акыркы жүз жылда Кыргызстанда колдонулбай калган. Дүйнө жүзүндө жаа атуу мелдеши заманбап технологиялар колдонуу менен өтсө, унутулуп калган салттуу жааны салбуурунчу Алмазбек Акунов кайрадан жандандырды. Оюндардын эрежелери менен Алмазбек Акунов тааныштырды
Салбуурун — алгыр куш жана тайган салуу менен коштолгон кыргыз элинин комплекстүү аңчылык оюндары.
Мелдеш төмөнкү тартипте өткөрүлөт:
1. Бүркүт салуу
2. Далба ойнотуу
3. Тайган жарыш
I. Бүркүт салуу
Бүркүт салуу — бүркүт менен мергенчиликке чыгуу.
Команданын курамы – 4 адам, 1 жетектөөчү жана 3 мүнүшкөр (бүркүт менен мергенчи).
Оюндун эрежесине ылайык катышуучулар бүркүттөрүн "Чырга" жана "Үндөк" деген көнүгүүлөр менен сынашат. Жеңүүчү ушул эки мелдештин жүрүшүндө топтолгон упайлардын негизинде аныкталат.
"Бүркүт салуу" боюнча мелдеште катышуучуларга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
— Ар бир катышуучу өзүнүн улуттук кийиминде чыгышы керек;
— Катышуучунун кушунун паспорту жана куштарга вакцинация жасалгандыгы тууралуу эл аралык сертификаты, СИТЕС Эл аралык ветеринардык уюмунан маалымдамасы болушу шарт.
Чырга
Бул жерде мүнүшкөр өзүнүн бүркүтүн ат менен чаптырып сүйрөп бараткан түлкүнүн терисинен жасалган муляжды көздөй багыттап коё берет. Талапка ылайык, бүркүт орто ылдамдыкта кетип бараткан муляжга учуп жетип, чапчып алат. Куштун учуудагы убактысы жана ылдамдыгы бааланат. Ушул көнүгүүнүн негизинде буркүттүн даярдыгы аныкталып, упай берилет. Белгилей кетсек, мергенчи бир бүркүткө бир эле чырга тартат.
Үндөк
Бул мелдеште бүркүт ээсинен 200 метр алыстыкта жайгаштырылат. Калыстын белгиси боюнча мергенчи жемди (мисалга эт) колуна кармап, өзүнүн бүркүтүн чакыра баштайт. Бул жерде бүркүттүн мүнүшкөрдүн колуна учуп келген убактысы бааланат. Ар бир катышуучуга жерде туруп же ат үстүндө отуруп бүркүтүн чакырууга уруксат берилет.
II. Далба ойнотуу
Далба ойнотуу — шумкардын азгырыкка учуусу.
Команданын курамы — 1 жетектөөчү жана 3 кушчу болуп 4 адамдан түзүлөт.
Бул мелдеште азгырыкка коё берилген шумкардын учуу ылдамдыгы бааланат. Ар бир кушчуга өзүнүн шумкарын сынаганга 3 мүнөт берилет. Ушул убакыттын ичинде куш өйдө учуп, кушчу жиптеги азгырыкты тегеретип кармап турганда, азгырыкка кол салганды имитация кылышы керек. Азгырык кекиликтин, кыргоолдун жана көгүчкөндүн куйругунан жана канаттарынын жүнүнөн даярдалат. Эрежеге ылайык, калыстар шумкар азгырыкка канча жолу учуп келип кол салганы белгиленет. Жеңүүчү упайлардын негизинде аныкталат.
"Далба ойнотуу" боюнча мелдеште катышуучуларга талаптар:
— Ар бир кушчу өзүнүн улуттук кийиминде чыгышы керек;
— Ээсинде куштардын паспорту жана куштарга вакцинация жасалгандыгы тууралуу эл аралык сертификаты жана СИТЕС Эл аралык ветеринардык уюмунан маалымдамасы болушу шарт.
III. Тайган жарыш
Тайган жарыш — асыл тукумдуу күлүк иттердин жарышы.
Команданын курамы бир жетектөөчү жана үч тайгандын ээси болуп төрт адамдан турат.
Тайгандын тездиги 350 метр алыстыктан чуркаган ылдамдыгынан аныкталат. Тайгандар ат менен саатына 60-65 чакырым ылдамдыкта сүйрөтүлгөн түлкүнүн же коёндун терисинен жасалган муляждын артынан чуркашат. Калыстар марага биринчи келген тайганды убактысы менен аныктайт. Ар бир асыл тукумдуу тайгандарды өз-өзүнчө жарыштырат.

 ЖАА АТУУ
Салбуурундун жаа атуу өнөрүндө жаанын салттуу түрлөрү колдонулат. Заманбап жаалар менен мелдешке катыша албай. Жөө атуу, ат үстүндө чаап баратып атуу жана кышкы спортко ылайык лыжа тееп бара жатып атуу түрлөрү бар.
Жаачылар ат чаап бара жатып 150 метрдеги алыстыктагы “Теке-бутаны” токтотпостон атып өтүшөт. Эрежеде жебелерди аркасындагы, капталындагы саадактан алып үлгүрүшү керек. Мында аттын чуркашы да ченелет. “Теке-бутада” текенин денесине упайлар чийилген, мисалы көкүрөк көөдөнүнө, баштын чыкыйына 10 деген упайлар жана ушул өңдүү мүчөлөрүнө жараша упайлар жазылган.
Жөө атуу сынагында ар бир жаачы кезеги менен 35 метр аралыктагы “ТЕКЕ БУТАНЫ”атышат. Ар бир жаачы кезеги келгенде 4 жолу жебе атышат. Жөө атууда финалга 3 жаачы  топтогон упайларына жараша тандалат. Финалдык атышта жаачылар теке-бутаны 30 метрден атышат.  Финалда топтогон упайларына жараша 1-2-3 орундарды ээлешет.
 Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.