Курс НБ на 15.12.2018 $69,8381 €78,8821

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттер июнь айында сатылат

ДКО-III
22 - Май 2018
www.erkintoo.kg
303
Инфраструктурасы эларалык стандарттарга жооп берген Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылыш иш-чаралары өтөт. Ат майданындагы даярдыктар, билеттердин сатылышы, ойноло турган оюндар туурасында директор Эламан Мамытов айтып берди.
- Дүйнөлүк иш-чараны өткөрүүгө ат майдандын даярдыктары кандай?
- 2016-жылы ат майданы жаңы салынып бүткөндөн кийин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганы баарыбыздын эсибизде. Ошондо бир аз шашылыш болуп калган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага даярданууга Өкмөттөн 10 млн сом каражат бөлүндү. Учурда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына ат майданы толугу менен даяр.  Ат майданды жашылдандыруу, ат чуркай тургун айланпа дегеле, бардык тармагы боюнча жогорку деңгээлде даярдык көрүүдөбүз. Оюндар учурунда ат майданда өтө турган мелдеш, фестиваль жана башка иш-чарларга даярданып жатабыз.  Мында келген коноктор, туристтер кыргыз маданиятына суктана алат деп ойлойм. Ат майданда соода түйүндөрүндө сапаттуу, кыргыз брендин тааныта турган нукура буюмдар сатылат. Андан сырткары кол өнөрчүлүк борбору ачылып, Көчмөндөр оюндарына келген коноктор сувенирлерге ээ болот. Ушул чатырларда “тез татым” түйүндөрү уюштурулуп, кыргыз даамдарын даярдашат.
- Мурунку оюндарга аз күн калганда билеттер шашылыш сатылып, ажиотаж жараткан. Бул жолку оюндардын билеттери качан сатыла баштайт?
- Оюндардын ачылыш-жабылыш аземдерине билеттер эрте сатылат. Билеттин баалары Жооптуу катчылык, Өкмөт тарабынан макулдашылып бүтөрү менен майдын аягы же июндун башында сатыкка чыгат. Билеттер эки этап менен тагыраагы, биринчи этабы июндун башында жана августта сатылат. Билет сатууга атайын программалар түзүлүп жатат. Сатуу онлайн интернет аркылуу жана  офлайн түрүндө сатылат. Бир адам бир гана билетке ээ боло тургандай шарт түзүлөт. Жаңы ат майданда заманбап турникет системасы каралган. Сатып алуучулар паспорту, сүрөтү менен алып, кимдир бирөөгө сата албайт. Көрүүчү ат майдандагы турникетти басканда анын сүрөтү, паспорттогу так маалыматтары чыгат. Андыктан ар бир көрүүчү өз паспорттору менен сатып алганга, киргенге укуктуу.
- Билеттин баалары орундарга жарашабы же бирдей баага сатылабы?
- Билеттер секторго жараша бааланат. Ат майдан чыгыш, батыш болуп экиге бөлүнөт. Орундар кызгылтым сары, жашыл, кызыл, ак, көк секторлорго бөлүнгөн. Алысыраагы арзан, жакыны кымбат бааланат. Бааларды макулдашууга даярдап жатабыз.
- Ат майдан канча орундуу, Көчмөндөр оюндарынын ачылышын канча адам көрө алат?
- Заманбап ат майдан 9500 орундуу. Ачылыш-жабылышына 9500 көрүүчү катышат. Мындагы көрүүчүлөрдүн коопсуздугу да каралат. Мурунку оюндарда тартип кызматкерлери тарабынан кайтарылып турган. Эң башкысы мындагы көрүүчүлөрдүн коопсуздугу сакталат.
- Мурунку оюндарга салыштырмалуу ат майданда оюндун кайсыл түрлөрү өткөрүлөт?
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 15 оюн кошулганы баарына маалым. Оюндардын ат майданда өтө турганы балбан күрөш. Мындан сырткары ат оюндарынын бардык түрлөрү ат майданда өткөрүлөт. Салбуурун да болот. Кудай буюрса, мурдаг ыга караганда абдан кызыктуу өтөт.
Асел БАРЫКТАБАСОВА
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.