Курс НБ на 17.08.2018 $69,4557 €79,1552

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч багытта өтөт

ДКО-III
22 - Май 2018
www.erkintoo.kg
137
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч багытта өтөт. Алар спорт, маданият жана илим. Спорт жагын айта турган болсок, быйыл 270 алтын, 170 күмүш жана 229 коло медаль ойнотулат. Эң мыкты оюн көрсөткөн спортчуларга “Улуу балбан”, “Улуу жаачы” деген наамдар ыйгарылат. Мелдешке катышкандар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Бул туурасында Москва менен Бишкек шаарын байланыштырган видео-маалымат жыйынында айтылды. Москвадагы маалымат жыйында "Нью-Йорк Таймс" басылмасынын журналисттери дүйнөлүк ЖМК үчүн оюндарга катышуу канчалык деңгээлде жеткиликтүү экендигине кызыкты. 
“Быйыл маданий иш-чаралардын программасы кеңейтилген. Ачылуу аземи өзгөчө тематикада болуп, анда көчмөн элдин турмушун көрсөткөн атайын программа даярдалууда. Бул оюндар негизи туризм тармагын өнүктүрүү жана кыргыз элинин маданиятын дүйнөгө таанытуу менен башталган. Ааламдашуу заманында ар бир эл өзүнүн түпкүлүктүүлүгүн, маданиятын жайылтууга аракет кылып жатат. Ошондуктан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында  ар бир мамлекеттин спорттук жана чыгармачыл делегациялардын келиши күтүлүүдө. Үчүнчүсү илимий багыт. Көчмөндөр цивилизациясы, жашоо философиясы, каада-салты илимий жактан изилденет. Учурда илимий конференциялар өтүүдө. Чет элдик 500дөй жалпыга маалымдоо каражаттары келиши күтүлүүдө, учурда каттоо жүрүп жатат”, - деди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин министринин орун басары Айнура Темирбекова.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу