Курс НБ на 17.08.2018 $69,4557 €79,1552

Форманын мыкты дизайнына сынак жарыяланды

ДКО-III
23 - Май 2018
www.erkintoo.kg
137
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу бөлүгүнө кийип чыкчу форманын дизайнына сынак жарыялады. Кароого ата мекендик кийим-кече өндүрүүчүлөр жана дизайнерлер катыша алат.
Шарт боюнча комплектиге баш жана сырткы кийим, эркектер үчүн шым, аялдар үчүн көйнөк болушу керек. Мунун баары улуттук колоритте тигилип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгиси тагылышы зарыл. Дизайнерлер өз эмгектерин электрондук, кагазга түшүрүлгөн вариантта же тигилген кийимдин өзүн алып келиши керек. Дагы бир талап — форманын бир комплектисине канча каражат кетери так көрсөтүлүшү кажет. Эмгектер 22-майга чейин мамагенттиктин имаратында кабыл алынат. Жеңүүчү 50 миң сом сыйлыкка ээ болот.
Дареги: Бишкек, Тоголок Молдо көчөсү, 17. Электрондук дарек rsrnvs_kg@mail.ru. Байланыш телефону: 0312 32 53 14.

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу