Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

Эн тамгаларда көчмөндөрдүн тарыхы, маданияты сиңирилген

ДКО-III
26 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
72
Көчмөндөр оюндарынын негизги идеясы – улутуна, диний ишенимдерине карабай көчмөн маданияттагыларды бириктирүү. Кыргызстандын брендине айланган оюндардын терең мааниси да эмблемада камтылган. Буга чейинки оюндарда логотип бардык роликтерде, баннерлерде, коомдук унааларда, белек-бечкектерде, кийим-кече жана спортсмендерге тагыла турган медалдарда, ал тургай полиэтилен баштыктарда чагылдырылган. 4 жыл мурда Майрамкул Асаналиевдин тарткан эмгеги – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы катарында  бекиген. Алдыдагы боло турган оюндарга карата дизайнер Кадыр Батырканов көчмөн элдин жашоосун, Ысык-Көлдүн ландшафтын, Ала-Тоону чагылдырып, дал ошол эн тамгага жаңы өң, жаңы көрк берди.
Негизги эн тамгада ааламды туюндурган тегерекчеде көчмөн турмуштун негизги символу –  ат үстүндөгү күн баштуу адам бар. Күн баланын ат менен турганы – көчмөн элди атсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Тагыраак айтканда, көчмөн элдин ар бир кыймылы, жашоосу чечмеленип таш беттерине чегилген. Археологдордун, тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянсак, күн баштуу баланын таш беттеринде чегилгени Кыргызстанда көп. Кыргыздын ар бир тамгасында, таш беттеринде чегилген эн тамгаларда алардын маданияты, жашоосу, тарыхы сиңирилген.
Кыргыз дүйнө таанымында белгилерге эле эмес, боёкторго да басым жасаган. Эн тамганын алгачкы өңү жаратылыштан алынган – жошо. Экинчи оюндардагы өңү – сары. Эн тамгадагы тегерекче – төгөрөктүн төрт бурчун, ааламды түшүндүрөт.  Мында ааламдагы эл уруусуна, улутуна, динине карабастан ынтымакташууну билдирген. Байыртан кыргыздар көчүп конуп жашаган заманда ар бир элдин маданияты менен жакындан таанышып, алар менен ынтымакташууга барышкан.  Кыргыздын ар бир тамгасында, таш беттеринде чегилген эн тамгаларда алардын маданияты, жашоосу, тарыхы сиңирилген.
Кызылы – эл, көгү – Ысык-Көл, жашылы – Ала-Тоо, сарысы – күн эн тамга
“Көчмөндөр оюндарынын логотибин кооздодук. Логотипти айландыра ар кандай элементтерди тартканбыз. Ар бир элементтин өзүнүн мааниси бар, логотиптин тегерегинде жер, суу, күн элементтери жайгашкан. Кыргыздын желегиндеги кырк нурду жайгаштырдык. Ар бир элементтин формасы тумар түрүндө тартылган. Кадимки кыргыз маданиятындагы тумардан кабар берет. Тагыраагы, көчмөн элди ар кандай кырсыктан коргойт эмеспи. Эн белгини айланта курчаган кызыл өңдөгүлөр – элди, көктөрү – Ысык-Көлдү, жашылы – Ала-Тоону, сарысы – күн нурун туюндурат. Байыртан көчмөн эл мына ушул чөйрө менен тыгыз байланышта жашаган. Кыргыздар илгертен сууга, тоого, күн нуруна кадырлоо менен мамиле кылып, жаратылышты баалашкан. Тагыраагы, күндүн чыгышына, батышына, айдын жаңырышына карап жайыт алмаштырышкан. Өзгөрүлмөлүү жаратылыш кубулуштарына карап жыл мезгилдерине даярданышкан. Ушундан улам кыргыз эли илгертен астролог экенин баамдайбыз. Эн тамганы айланта 12 элементтин камтылганы – бир жылда 12 ай бар. Тумардагы ачакей белгилер – эл деген сөз экен. Учурда эл белгиси заманбап шырдактарда, калпактарда, кийимдерде көп колдонулуп жүрөт. Элдин саны – 24. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 24 айда бир жолу өтө тургандыгын билдирет.
Эн тамганын дагы бир вариантында чок ортодогу күн баланы тагыраагы, көчмөндөрдү суу, күн, тоо белгилери айланып турат. Чечмелениши кыргыздын «айланайын, тегеренейин» деген жалынуусун чагылдырат.
Эн тамганы жасалгалоодо кыргызстандык окумуштуулар, илим изилдөөчүлөр менен кеңешип, Алтай цивилизациясынын маданиятын изилдеп, баарын бир белгиге камтыганга аракеттендик. Мурунку Көчмөндөр оюндарында кыргыз оймолору колдонулган. Ал кыргыздарда философиялык тереңдиги бар маанини туюндурганы – Орто Азия жана түрк көчмөндөрүнө таандык. Батыш, чыгыш элдеринин кээ биринде оймо терс маанини түшүндүрүп калышы мүмкүн. Күн башка элдердин маданиятында жашоону, жаңыланууну билдирет экен. Ошол себептен көчмөндөр логотибин өзгөртпөстөн, аны айландыра күн элесин бердик.
Конкурс болуп ар кайсыл мамлекеттин студиялары катышты. Эн тамганын жасалгасын тартардан мурун анын концепциясы кызыктырды. Анткени, кыргыз шырдагы бир тарыхты берет эмеспи. Ошол себептен, эн белгиде көчмөн жашоо философиясын түшүндүрүүнү демилгеледик. Дал ушул концепцияны чагылдыруу комиссиянын көңүлүнө да толду. Эн тамганын жасалгасына «Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары» деген сөз кыргызча, орусча, англисче жазылды. Бул белгини желектерге, кийимдерге, буюм-тайымдарга түшүрүүгө болот. Эң негизгиси логотиптин автору Майрамкул Асаналиев. Автордун эмгегине тийген жокпуз. Болгону көчмөн маданиятты чагылдырган жашоону түшүрдүк. Күн менен суу, жерди, тоону алганыбыз - Ысык-Көл ландшафты чагылдырылды. Анткени, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да көл жээгинде өтөт эмеспи”, - деп ой бөлүштү дизайнер Кадыр Батырканов.
Асел Барыктабасова    


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу