Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

​Достукту бийик туткан элбиз

ДКО-III
12 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
244
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы бүйүрдү кызыткан, казак кыргызды бирдей күттүргөн көк бөрү болду. Айрыкча казак туугандар өздөрүнүн көкпаршыларын финалда абдан күтүшкөнүн, кыялдары оңунан чыкпай өзбек көк бөрүчүлөрүнө жеңилип беришкенин көрүп, угуп капаланышканын интернет баракчаларынан жана айрым ММКна чукул жарыяланган материалдарынан байкоого болот. Бул боюнча Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти Бекболат Тилеухандын өзү калк алдында жооп берүүсүн талап кылган маалыматтар тез тарап кетти. Sputnik Казакстан агенттигине берген маалыматында, айрым маалыматы оозду ачырды. “Фейсбук баракчасы деген ушундай экен да, ким каалаганын, оюна эмне келсе айтып, жаза беришет. Бул багытта  жоопкерчилик деген да жок”-деп, буга чейинки калктын көкбөрүгө байланышкан талкууларына маани бергиси келген жок. Казакстандын улакчыларынын Өзбекстандын оюнчуларына жеңилип калганын накта курама команда барбаганы менен түшүндүрдү. Ал ортодо бул оюн Азия же болбосо Дүйнө чемпионаты сыяктуу мартабасы бийик оюн эместигин балп этти. Кыргызстанда үчүнчү жолу жогорку деңгээлде Көчмөндөр оюну уюштурулуп, ага дүйнөлүк масштабдагы элдер, оюнчулар катышып жатканы дагы бир жолу далилденди.
 Ошондой болсо да, Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти, Межилис депутаты Бекболат Тилеухан “Биз кыргыздардай ат таптай албайбыз, кыргыздарды атты таптоо жагынан жаман деп айта албайбыз” –деп моюнга алды.
Кыргыз элинин меймандостугу ар бирибиздин каныбызга сиңген. Ата-бабаларыбыздан калган, урпактарга уланчу ыйык осуятыбыз. Көк бөрү оюнуна атсыз келген  казак көк бөрүчүлөрүнө алдындагы атын берип, тизгинин карматып чоң сый көрсөтүштү. Абдан кубандык. Кандай болгондо да эки элдин достугуна доо кетпесин деп, ар убак аста сабырдуу мамиле жасап, салтыбыздын, маданиятыбыздын түпкүлүгү бир, куштун эки канатындай тууган эл экенибизди эч качан эстен чыгарбасак.
Айзада Дүйшөнбаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу