Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына президенттер келет

ДКО-III
19 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
724
Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын президенттери жана Венгриянын премьер-министри сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына катышарын тастыкташты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, чакыруулар бир нече өлкөгө жиберилип жатат.
“Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келет. Ал ошондой эле сентябрдын башында өтө турган түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитине конок катары катышат”, - деди ал.
Эрлан Абдылдаевдин билдиргенине караганда Россиядан бир катар адамдардын дагы келе турганы белгилүү болду.
“Бир катар эл аралык уюмдардын башчыларынын катыша турганы белгилүү болду”. – деди министр.
Асель Барыктабасова
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.