Курс НБ на 19.09.2018 $69,4042 €81,1127

Бишкекте "Мен көчмөнмүн" аттуу форум өттү

ДКО-III
26 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
116
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын колдоо максатында жаштардын "I am Nomad" же "Мен көчмөнмүн" аттуу форуму өтөт. Максат – жаштарды быйыл өтө турган көчмөндөрдүн оюнун активдүү колдоого чакыруу. 
Андан сырткары өлкө аймагында жигердүү жаштар тарабынан "Сен көчмөнсүңбү, анда мени кучакта" аталышындагы акция да жүрүп жатат. Ушундай кыймыл менен башталган акция "Жети дубан – бир максат" деген аталышта аймактарда да активдүү жүрдү. 
Жаштар илимий конференцияларды өткөрүп, сахна жылдыздары менен биргеликте интернеттен көчмөндөр оюндарына чакырып, оюндарды таанытуу аракетин көрүп жатат. Деги эле саналуу айлар калган Көчмөндөр оюндарына карата өткөрүлгөн “Мен көчмөнмүн” жаштар форумунда  “Муундардын шыктануусу” бирдиктүү концепттин алдындагы социалдык ролик презентацияланды. Катардагы роликтерден айырмаланып, кыска метраждуу фильм тартылган. Тасманын өзөгүн – шаардык, заманбап бала каармандын тарыхы түзөт. Небересин заманбап буюмдардан алаксытуу үчүн чоң ата болгон көңүлүн бурат. Көчмөн элдин нукура жашоосуна, жаратылыш гармониясынын кучагындагы байыркы кыргыздардын жашоосуна сүңгүп кире турган, көчмөн маданиятын өз көзү менен көрүп, философиясын, этникалык таандыктарын таанууга мүмүкүнчүлүк берген көчмөн дүйнө тууралуу байыркы китеп берет. Китепти ачкан шаардык бала укмуштуудай дүйнөгө туш болуп, өзүн кыргыз таанууга түрткү берет. Презентацияланган тасманын башкы максаты – Көчмөн жашоо кыргыздарга тишелүү экенин, анын мураскери экенибизди, кыргыздын маданиятына тиешелүү баалуулуктарды сактап, муундан-муунга өткөрүүнү, айкалыштырып жашоону чагылдырган.   
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу