Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

​Алыштан Түркмөнстандын курама командасы биринчи орунга чыкты

ДКО-III
04 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
238
 Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында өтүп жаткан Алыш күрөшү боюнча мелдеште Түркмөнстандын улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте биринчи орунду алды. Эркектер арасында Түркмөнстан 5 медаль алып, (1 алтын, 1 күмүш, 3 коло) биринчи орунга Өзбекстанды (2 алтын, 3 күмүш) чыгарып жиберди. Бирок кыздар арасында Түркмөнстан 3 алтын, 1 коло менен лидер болду. Натыйжада жалпы командалык рейтингде Түркмөнстан 81 упай менен биринчи орунду алса, Өзбекстан 79 упай менен экинчи, ал эми Кыргызстан 3-орунга (71 упай) жайгашты. Бул тууралуу оюндун расмий сайтында маалымдалды.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.